Мазмунга өтүү

АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккусу (2026)

Википедия — ачык энциклопедия
Бул макала болуп жаткан окуя жөнүндөгү маалыматты камтыйт.
Жаңы билдирүүлөр түшкөн сайын, бул макаладагы маалыматтар өзгөрүлүп турушу ыктымал. Алгачкы кабарлардан түшкөн маалыматтар жалган болушу мүмкүн.
"Кебелбеген каар", "Арстан бакырыгы"
Дата

28.02.2026 — а.у.

Орун

Түштүк-Батыш Азия

Себеп
  • Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө.
  • Ирандагы массалык нааразычылык акцияларын колдоо.
Каршы тараптар
 Израиль
 АКШ
 Иран
Колбашчылар
Биньямин Нетаньяху
Исраэль Кац
Эяль Замир
Томер Бар
Дональд Трамп
Пит Хегсет
Дэн Кейн
Брэд Купер
Али Хаменеи
Иран Алиреза Арафи
Иран Масуд Пезешкиан
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

АКШ менен Израилдин Иранга каршы соккусу (2026) — АКШ жана Израиль менен Ирандын ортосундагы куралдуу кагылышуу[1]. 2026-жылдын 28-февралында[2], Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктагандан кийин, АКШ менен Израилдин Иранга аскердик куралдар менен сокку уруусу менен башталган[3][4].

2025-жылдагы Иран-Израиль согушунан бир нече ай өткөндөн кийин, Иранда массалык нааразылык акциялары тутанган. Өкмөттүк күчтөр митингдерди басууда ок чыгарып, жыйынтыгында көптөгөн адамдар каза болушкан. АКШ демонстранттарды колдоп, чөлкөмдөгү аскердик күчүн арттырып, Израиль менен биргелешкен аракеттерге даярданган.

2026-жылдын 28-февралында АКШ жана Израиль Ирандагы объекттерге масштабдуу соккуларды баштаган. Ошондой эле Израиль Ливандын түштүгүндөгү Ирандын союздашы болгон «Хезболла» тобунун позицияларына чабуул жасаган. Иран буга жооп катары Израилге жана чөлкөмдөгү америкалык аскер базаларына сокку урган.

Кызыл жарым ай коомунун маалыматы боюнча, Ирандагы соккулардын кесепетинен кеминде 201 адам каза болуп, 747 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында Ирандын лидери Али Хаменеи жана бир катар жогорку даражалуу аскер кызматкерлери бар. Израилде бир адам каза болуп, 120га жакын адам жеңил жаракат алган. Ошондой эле Ирандын аткылоосунан улам БАЭ жана Сирияда бир нече адам каза болгон.

Чабуулдар башталгандан кийин АКШ жана Израиль лидерлери бул операция ирандык режимдин коркунучун жоюуга жана өлкөдө өзгөрүүлөр үчүн шарт түзүүгө багытталганын билдиришкен. Иран болсо чыңалуунун күчөшүнө АКШны күнөөлөп, жооп кайтарууга даяр экенин, ошол эле учурда абалды тынчтандырууга кызыкдарлыгын жарыялаган.

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк, Европа бирлигинин өкүлдөрү жана Испания тараптарды сабырдуулукка жана маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. "Евроүчилтик" (Германия, Франция, Британия) Иранды өзөктүк программасын токтотууга үндөп, анын коңшу өлкөлөргө жасаган чабуулдарын айыпташты. Австралия, Канада жана Украина АКШ менен Израилди колдосо, Орусия, Кытай жана Түркия, тескерисинче, алардын аракеттерин сынга алды. Ирандын чабуулуна кабылган Перс булуңундагы бир катар араб өлкөлөрү Ирандын аракеттерин айыптап, жооп берүүгө укуктуу экенин билдиришти[5].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]