АКШ президенти



Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (англ. President of the United States) — мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат жана АКШнын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы колбашчысы.
АКШ Конгресси тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна (биллдерге) вето коюу укугу бар. Бул кызмат орду 1787-жылы Конституциялык конвент тарабынан кабыл алынган АКШ Конституциясы менен киргизилген.
1789-жылы Жордж Вашингтон АКШнын биринчи президенти болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенге чейин «президент» кызматынын аталышы «Континенталдык конгресстин президенти» — Көз карандысыздык жөнүндө декларация кабыл алынган колониялардын өкүлдөрүнүн съездинин төрагасы деген айкалышта колдонулуп келген.
АКШнын учурдагы президенти — Дональд Трамп. Расмий түрдө АКШнын 47-президенти. Кызматка 2025-жылдын 20-январында киришкен[1].
Кандидаттарга коюлуучу талаптар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]АКШнын Конституциясы боюнча туулгандан тартып АКШ жараны болгон адам гана АКШ президенти боло алат (же Конституция кабыл алынган датага карата АКШ жараны болгондор; көз карандысыздык жарыяланганга чейин туулган Вашингтондон Жексонго чейинки биринчи 7 президент жана 9-президент Уильям Гаррисон туулганда АКШ жарандыгына ээ болушкан эмес; мындан тышкары, 8-президент Мартин Ван Бюрен жана 12-президент Закари Тейлор Конституция кабыл алынганга чейин АКШда туулган), президенттике талапкерлердин жашы 35тен ашкан жана АКШда 14 жылдан кем эмес жашаган болушу зарыл.
Биринчи мөөнөткө шайланган учурдагы эң улуу президент — ошол учурда жашы 77 толгон Жо Байден, ал эми экинчи мөөнөткө кайра шайлангандардын арасында — 78 жаштагы Дональд Трамп болуп саналат.
Кызматка 43 жашында киришип, эң жаш шайланган президент Жон Кеннеди болгон. Иш жүзүндө болсо эң жаш президент Теодор Рузвельт болгон, ал 42 жаш 10 айында кызматка киришкен (бирок ал шайланган эмес, 1901-жылы Уильям Мак-Кинли өлтүрүлгөндөн кийин президенттин кызматын аткарган).
1951-жылы Конституцияга кабыл алынган 22-толуктоого ылайык[2], бир эле адам АКШ президенти болуп эки жолудан ашык шайлана албайт. Мындан тышкары, эгерде кандайдыр бир адам шайланган президент каза болгондон же кызматтан кеткенден кийин президенттик постту 2 жыл же андан көп убакыт ээлесе, ал адам кийинчерээк президент болуп 1 жолудан ашык эмес шайлана алат.
Иш жүзүндө президенттер буга чейин да эки гана мөөнөт кызматта болгон Жордж Вашингтонду үлгү катары кабыл алышып[3], бул жазылбаган эрежени сактап келишкен. Бирок 1940-жылы Франклин Рузвельт үчүнчү мөөнөткө, ал эми 1944-жылы төртүнчү мөөнөткө шайланган[4]. Мындан кийин Рузвельттин эмгегин жана ал кайра шайланган учурдагы өзгөчө кырдаалдарды (Экинчи дүйнөлүк согуш) эске алып, бул учур диктатураны орнотууга прецедент болуп калбашы үчүн президенттик мөөнөттүн мүмкүн болгон санын мыйзам түрүндө чектөө чечими кабыл алынган[5].
Мыйзам кайтарым күчкө ээ эместигин эске алганда, ошол учурдагы иштеп жаткан президент Гарри Трумэнге 22-толуктоонун күчү жайылтылган эмес, ал Рузвельт каза болгондон кийин анын мөөнөтүн дээрлик толугу менен (1945—1949) жана өзүнүн жеке мөөнөтүн (1949—1953) өтөгөн, бирок Трумэн өзү 1952-жылы кайрадан президенттике талапкерлигин койгусу келген эмес[6].
Эки гана президент — Гровер Кливленд жана Дональд Трамп эки мөөнөттү ортодо тыныгуу менен ээлешкен.
Президенттик шайлоолор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]АКШ Президенти кыйыр (эки баскычтуу) шайлоолордун негизинде, вице-президент менен бирге төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Президент жана вице-президент бүткүл шайлоо өнөктөштүгү бою «бир жупта» жүрүшөт. Президент жана вице-президент үчүн түздөн-түз шайлоочулар коллегиясы деп аталган орган добуш берет[7].
Конституция боюнча, ар бир штаттын Мыйзам чыгаруу жыйыны штаттын кызыкчылыгын коргой турган белгилүү сандагы шайлоочуларды (штаттын Конгресстеги өкүлдөрүнүн санына барабар) дайындай алат. Шайлоочулардын тизмесин аныктоо ыкмасын Мыйзам чыгаруу жыйыны өз каалоосу боюнча тандай алат, бирок учурда бардык штаттар өздөрүнүн шайлоочулар коллегиясын жалпы добуш берүү аркылуу аныкташат, ал шайлоо жылынын ноябрь айындагы биринчи дүйшөмбүдөн кийинки биринчи шейшембиде (төрткө калдыксыз бөлүнүүчү жылы) өтөт.
Шайлоочулар коллегиясынын добуш берүүсү декабрь айынын башында өтөт жана бул билингидей формалдуулук болуп саналат, бирок бир нече жолу шайлоочулар коллегиясы өздөрү шайланганда убада кылгандай добуш бербей койгон учурлар болгон.
Кээ бир штаттарда шайлоочулар коллегиясын штат буйругандай добуш берүүгө милдеттендирген мыйзамдар бар. Шайлоочулар коллегиясы президент жана вице-президент үчүн өзүнчө добуш беришет, шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын абсолюттук көпчүлүк (жарымынан көбүн) добушун алышы керек, шайлоочулар коллегиясы учурда 538 кишиден турат[7]. Эгер мындай жыйынтык болбосо, анда президентти же вице-президентти Өкүлдөр палатасы же тиешелүүлүгүнө жараша АКШ Конгрессинин Сенаты Конституцияда белгиленген эрежелер боюнча шайлоочулар коллегиясынын эң көп добушун алган талапкерлердин арасынан шайлайт.
АКШнын биринчи президенти Жордж Вашингтон көз карандысыз талапкер болгон. Ошондон бери АКШда калыптанган эки партиялуу системанын шартында бардык шайлоолордо, праймеризде аныкталган эки негизги партиянын биринин өкүлү жеңишке жетип, президент болуп келген жана эки гана жолу (1860 жана 1912-жылдары) «үчүнчү партиялар» экинчи орунду ээлей алышкан. «Үчүнчү» талапкер штаттардын жок дегенде бирөөсүндө жеңишке жеткен акыркы учур 1968-жылга таандык, анда Америкалык көз карандысыз партиядан талапкер Жорж Уоллес 5 штатта шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган.
Президенттик кызмат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кызматка киришүүсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаңы шайланган президент жана вице-президент шайлоодон кийинки жылдын 20-январында түш ченде кызматка киришишет; салтанаттуу АКШ президентинин инаугурациясы уюштурулат. 1933-жылы АКШ Конституциясына Жыйырмасынчы толуктоо кабыл алынганга чейин инаугурациянын датасы 4-март болгон.
Инаугурация учурунда президент төмөнкүдөй ант берет же төмөнкү салтанаттуу убадасын берет: «Мен Кошмо Штаттарынын президенти кызматын адал аткарууга жана өз күчүмдүн болушунча Кошмо Штаттарынын Конституциясын колдоого, коргоого жана сактоого салтанаттуу түрдө ант берем». Анттын аягында Конституция талап кылбаса да, салттуу түрдө «Кудай мага жардам берсин» (So help me God) деген сөздөр кошулат[8].
Бош орундар жана мураскорлук
1967-жылы ратификацияланган жыйырма бешинчи толуктоонун 1-бөлүмүнө ылайык, вице-президент президент кызматтан четтетилгенде, каза болгондо же кызматтан кеткенде президент болот. Президенттин каза болгон учурлары бир нече жолу катталган, кызматтан кетиши бир гана жолу болгон, ал эми кызматтан четтетилиши эч качан болгон эмес.
Жыйырма бешинчи толуктоо ратификацияланганга чейин (ал мурастоо маселесин тактаган) II берененин 1-бөлүмүнүн 6-абзацында гана вице-президент президент кызматтан четтетилгенде, каза болгондо, кызматтан кеткенде же ишке жөндөмсүз болгон учурда президенттиктин «ыйгарым укуктарын жана милдеттерин» өзүнө алары көрсөтүлгөн[9]. Бул абзац боюнча, бош орун пайда болгон учурда вице-президент чындап эле президент болобу же жөн гана президенттин милдетин аткаруучу болобу деген бүдөмүк суроо жаралып, натыйжада кезексиз шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн эле[10]. 1841-жылы президент Уильям Генри Гаррисон каза болгондон кийин, вице-президент Жон Тайлер өзүн кызмат ордунун өзүнө ээ болду деп жарыялап, «Президенттин милдетин аткаруучуга» даректелген эч кандай документтерди кабыл алуудан баш тарткан жана Конгресс акыры муну кабыл алган.
Кош бош орун түзүлгөн учурда (президент да, вице-президент да жок болсо), II берененин 1-бөлүмүнүн 6-абзацы ошондой эле «Президент да, вице-президент да кызматтан четтетилгенде, каза болгондо, кызматтан кеткенде же жөндөмсүз болгон учурда» ким президенттин милдетин аткаруучу болорун жарыялоого Конгресске укук берет. 1947-жылдагы Президенттикти мурастоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгерде президент да, вице-президент тең кызматтан кетишсе же алардын мөөнөтү учурунда экөө тең ишин аткара алышпаса, президенттикти мурастоо тартиби төмөнкүдөй уланат: адегенде Өкүлдөр палатасынын спикери, зарыл болсо Сенаттын убактылуу төрагасы (president pro tempore), андан кийин зарыл болсо президенттин кабинетин түзгөн федералдык аткаруу департаменттеринин талаптарга жооп берген башчылары[11].
Учурда кабинетте 15 мүчө бар, алардын ичинен мамлекеттик катчы биринчи кезекте турат. Кабинеттин башка катчылары (министрлери) өздөрүнүн департаменти же алардын департаменти мураскери болуп саналган ведомство качан түзүлгөндүгүнүн тартиби боюнча тизмеде болот. Конституциялык жактан президент болуп шайланууга укугу жоктор мурастоо аркылуу президенттиктин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин алуу укугунан да ажыратылат[11].
Айлык акысы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Президенттик айлык акысынын тарыхы | ||
|---|---|---|
| Жылы | Айлык акысы | 2025-жылдагы инфиляциянын эске алгандагы суммасы |
| 1789 | $25,000 | $675,604 |
| 1873 | $50,000 | $1,343,750 |
| 1909 | $75,000 | $2,687,500 |
| 1949 | $100,000 | $1,353,147 |
| 1969 | $200,000 | $1,755,898 |
| 2001 | $400,000 | $727,307 |
| Sources:[12][13] | ||
Президент белгиленген мөөнөттөрдө өз кызматы үчүн туруктуу майана алат, айлык акысынын суммасы шайланган мөөнөтү учурунда өзгөрүшү мүмкүн эмес[14]. Ошондой эле бул мезгилдин ичинде Кошмо Штаттардын же кандайдыр бир штаттан аймагында кандайдыр бир киреше ала албайт[15]. Бирок башка булактардан киреше табуусуну тыюуу салынган эмес (мисалы, китептерди сатуудан)[16]. Барак Обаманын президенттик мезгилинде (2009-жылдан 2017-жылга чейин) АКШ президентинин айлык акысы жылына 400 миң АКШ долларын түзгөн. Дональд Трамптын президенттик мезгилинде мамлекет башчысынын айлык акысы ошол эле деңгээлде ($400 000) сакталган, бирок Трамп жыл сайын бул суммадан өзүнө бир гана доллар калтырып, калганын кайрымдуулукка берерин билдирген[17].
Резиденциясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Вашингтондогу Ак үй — президенттин расмий резиденциясы болуп саналат. Бул жерди Жордж Вашингтон тандап алган жана анын пайдубалы 1792-жылы түптөлгөн. 1800-жылы Жон Адамстан баштап ар бир президент ошол жерде жашап келген. АКШ тарыхында ар кайсы мезгилде ал «Президенттин сарайы», «Президенттин үйү» жана «Аткаруу сарайы» катары белгилүү болгон. Теодор Рузвельт 1901-жылы Ак үйгө азыркы расмий аталышын берген[18]. Мамлекеттик кабыл алуулар жана башка расмий иш-чаралар үчүн каражатты федералдык өкмөт төлөйт, бирок президент жеке өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана конокторунун тамак-ашы үчүн өзү акы төлөйт[19].
Расмий түрдө «Төрмонт аскердик-деңиздик камсыздоо объектиси» деп аталган Мэриленд штатынын Фредерик округундагы тоолуу аскердик Кэмп-Дэвид лагери — президенттин шаар сыртындагы резиденциясы болуп саналат. Тынч жана обочолонгон бул жер 1940-жылдардан бери чет элдик жогорку даражалуу конокторду тосуу үчүн кеңири колдонулуп келет[20].
Ак үй комплексинин жана Лафайет паркынын жанындагы Эйзенхауэрдин Аткаруучу кенсесинин имаратына жанаш жайгашкан Президенттин конок үйү — президенттин расмий конок үйү катары, ошондой эле зарыл болгон учурда президент үчүн экинчи резиденция катары кызмат кылат. Бул имараттардын аянты 6 500 м² ашкан XIX кылымга таандык бири-бири менен байланышкан төрт үйдөн (Блэр-хаус, Ли-хаус жана Жексон-плейстеги №700, №704 үйлөр) турат[21].
- АКШ президенттинин резиденциялары
- Ак үй
- Кэмп-Дэвид
- Блэр-хаус
Транспорт каражаттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Президенттин алыс аралыкка аба аркылуу иш сапарларынын негизги каражаты — комплектациясы олуттуу өзгөртүлгөн Boeing 747 лайнерлери болуп саналган эки окшош Boeing VC-25 учагынын бири. Бортунда президент бар кезде ал учак «Air Force One» («№1 Аскердик-аба борту») деп аталат. Жалпысынан алганда, АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн президент колдонгон ар бир учагы учуу учурунда «Air Force One» деген аталышка ээ болот. Өлкө ичиндеги сапарлар адатта бул эки учактын бири менен гана ишке ашырылат, ал эми чет өлкөлүк сапарларга эки учак тең учуп чыгат (бири негизги, экинчиси камсыздандыруучу/резервдеги учак катары)[22].
Президент чоң жеттерди кабыл ала албаган аэропортторго учууга туура келгенде, иш сапар үчүн кыйла чакан учактарын, негизинен Boeing C-32 учагын да колдоно алат. Ал эми президент учкан ар бир жарандык учак учуу учурунда «Executive One» («№1 Аткаруучу борт») деп белгиленет.
Кыска аралыктарга аба аркылуу саякаттоо үчүн президент АКШ Деңиз жөө аскерлер корпусунун ар кандай үлгүдөгү тик учактар флотун пайдаланат. Президент алардын биринин бортунда болгондо, ал тик учак «Marine One» («№1 Деңиз жөө аскерлеринин борту») деп аталат. Иш сапарындагы тик учактар менен учуулар адатта бир убакта бешке чейинки тик учактын чогуу учушу менен коштолот жана алар ар кандай коркунучтардан президентти коргоо максатында жана так кайсы тик учакта президент баратканын жашыруу үчүн асманда тез-тез орун алмашып турушат.
Жерде жүрүү үчүн президент Cadillac седанына окшоштурулуп жасалган, бирок жүк ташуучу автоунаанын шассисинин базасында курулган брондолгон лимузинди (президенттик мамлекеттик автоунааны) колдонот. АКШнын Жашыруун кызматы бир нече лимузинден турган бул автопаркты башкарат жана тейлейт. Мындан тышкары, президенттин карамагында негизинен үгүт жана сапарлык турлар үчүн колдонулуучу эки брондолгон автобус бар[23].
- Президенттин транспорт каражаттары
- "Жырткыч" деп аталган президенттик лимузин
- Президенттин учагы, президент бортунда болгондо Air Force One деп аталат
- Президенттин тик учагы, президент бортунда жүргөндө Marine One деп аталат
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Кабар. Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт
- ↑ Legal Information Institute. Twenty-Second Amendment Presidential Term Limits
- ↑ Annenberg Classroom. First President Steps Down After Two Terms
- ↑ Annenberg Classroom. FDR Elected For A Fourth Term
- ↑ Annenberg Classroom. Republicans Win Control Of Congress And Change The Constitution
- ↑ Annenberg Classroom. Truman Chooses Not To Run For A Third Term
- 1 2 National Archives. Electoral College
- ↑ Legal Information Institute. 5 U.S. Code § 3331 - Oath of office
- ↑ Feerick, John D. (2011). Presidential Succession and Inability: Before and After the Twenty-Fifth Amendmen
- ↑ Feerick, John. "Essays on Article II: Presidential Succession"
- 1 2 CNN. "Succession: Presidential and Vice Presidential Fast Facts"
- ↑ Presidential and Vice Presidential Salaries Exclusive of Perquisites. University of Michigan.
- ↑ Samuel H.Williamson Seven Ways to Compute the Relative Value of a U.S. Dollar Amount, 1774 to Present. MeasuringWorth.
- ↑ ThoughtCo. Presidential Pay and Compensation
- ↑ CNBC. Here’s the last time the president of the United States got a raise
- ↑ Brisk book sales boost President Barack Obama’s income to $5.5M.
- ↑ Трамп отказался от зарплаты президента. ТАСС.
- ↑ The White House Building
- ↑ Bulmiller, Elisabeth (January 2009). Inside the Presidency: Few outsiders ever see the President's private enclave
- ↑ Camp David
- ↑ U.S. General Services Administration. President's Guest House (includes Blair House), Washington, DC
- ↑ Air Force One
- ↑ FactCheck. Obama’s Canadian-American Bus