Аадият сүрөсү
- 100-сүрө
Аадият сүрөсү (1) Тулпарлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Меккеде түшүрүлгөн. 11 аяттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Алкынып чуркаган тулпарларга ант!
- 2. (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант!
- 3. Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант!
- 4. Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты.
- 5. Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди. (2)
- 6. Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр! (3)
- 7. Буга анын өзү деле күбөдүр!
- 8. Ал байлыкты катуу сүйөт!
- 9. Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда...
- 10. Көкүрөктөгү сырлар ашкер кылынганда...
- 11. Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?!