Абакиров, Барктабас

Википедия дан

Абакиров, Барктабас (1933–2006) - акын, журналист. Кочкор районунун Төрт-Күл кыштагында 1933-жылы 2-майда туулган. 1955-жылы Кыргыз Мамлекеттик К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтунун зоотехника факультетин бүтүргөн. 1970-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүндө окуган. 1955–1960-жылдарда Жумгал, Кочкор райондорунда селекционер, башкы зоотехник, мал-чарба илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.

Б.Абакиров 1960-жылы журналисттик кызматка өтүп, «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, 1963 - 1968-жж. Кочкор райондук «Эмгек туусу» гезитинде редактор, 1970–1971-жж. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инспектор, 1971 - 1980-жж. Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1980 - 1987-жж. «Кыргызстан» басмасында директор, «Кыргызстан айыл чарбасы» журналынын башкы редактору болуп иштеген. 1988-жылдан Республикалык маданият фондусунда, Билим жана маданият министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.

Б.Абакировдун ырлары 1954-жылдан мезгилдүү басылмаларда жарыялана баштап, балдарга арналган биринчи ырлар жыйнагы «Чаарчык» деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыккан. Анын 200дөн ашык ырларына композиторлор, обончулар музыка, обондорду жазышкан. Китептери орус жана казак тилдеринде чыккан. Айрым чыгармалары орус, украин, белорус, англис, италия, поляк, түрк тилдерине которулган.

Б.Абакиров А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун, К.Абайдын, М.Турсун-Заденин, Р.Гамзатовдун, Б.Степанюктун, Е.Антошкиндин, Д.Кугультиновдун, В.Бээкмандын ж.б. акындардын ырларын кыргызчага которгон.

1999-жылы орус элинин улуу акыны А.С.Пушкиндин туулган күнүнүн 200 жылдык юбилейине карата анын кыргыз тилине которулган эң мыкты ырлары үчүн конкурста экинчи орунду ээлеген.

Б.Абакиров 1962-жылдан Журналисттер, 1973-жылдан Жазуучулар союздарынын мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун алдындагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.

1983-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

Б.Абакиров бир нече жолу облустук Кеңештин депутаттыгына, Кыргызстан Журналисттер, Жазуучулар союздарынын Башкармаларынын мүчөлүгүнө шайланган.

1994-жылы Түркияда Анкара, Стамбул шаарларында өткөн Кыргыз маданиятынын, адабиятынын жана искусствосунун күндөрүнүн катышуучусу. 2000-жылы эл аралык «Түрксой» уюмунун Түндүк Кипрде өткөн акындардын жыйынына катышкан.

«Ардак белгиси» ордени, медалдар жана Жогорку Кеңештин, партиянын Нарын обкомунун, Маданият министрлигинин, ВЛКСМ БКнын Грамоталары жана Ардак грамоталары менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаарчык: Ырлар. - Ф.: Кыргыз окуу педмамбас, 1961. - 64 б.

Сапар: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1965. - 118 б.

Күз күнү: Ырлар. - Мектеп, 1966. – 75 б.

Тоо таңы: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1969. - 100 б.

Бийик жерде: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1973. - 72 б.

Нарын агат: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1975. - 74 б.

Жылдар барагы: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 268 б.

Күтүү: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1970. - 104 б.

Элүүнчү жаз: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 268 б.

Нарын күндөрү: Ырлар жана поэма. - Ф.: Мектеп, 1985. - 100 б.

Манасчы Сагымбай: Поэма. - Б.: Эркин Тоо, 1993 - 96 б.

Кыргыз үнү: Ырлар, поэмалар жана дастандар. - Б.: КЭнин Башкы ред., 1997. - 457 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Волна Сон-Куля: Стихотворения. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 132 с.

Арчовая колыбель: Стихи и поэма. - М.: Сов. Писатель, 1985. - 80 с.

Шаги жизни: Стихи и поэмы - Б.: Адабият, 1989. - 120 с.

Башка элдердин тилдеринде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стихи и поэмы. - Алма-Ата: Жазушы, 1983. - каз.

Жыр кесте: Стихи и поэмы - Алма-Ата: Жалын, 1983. - 152 с. - каз.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кугультинов Д. Апрель айдыңы: Ырлар жана поэмалар. (Б.Абакиров ж.б.) - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 156 б.

Гамзатов Р. Дагстан уламыштары. (Ж.Садыков, А.Токтогулов, И.Исаков, Б.Абакиров). - Ф.: Кыргызстан, 1982. - 124 б.

Пак Э. Көгүлтүр капка: Ырлар жана поэмалар (Б.Абакиров ж. б.).

Лермонтов М.Ю. Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар (Б.Абакиров ж. б.). - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 104 б.

Степанюк Б. Саламатсыңбы Ала-Тоо: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 104 б.

Антошкин Е.А. Айлуу түндө: (Б.Абакиров ж. б.). - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 128 б.

Бээкман В. Күн чубак. (Б.Абакиров ж.б.). - Ф.: Мектеп, 1982. - 252 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru/category/zhazuuchular Archived 2012-12-13 at the Wayback Machine