Эмилбек Абакиров

Википедия дан
Абакиров, Эмилбек‎»‎ барагынан багытталды)

Абакиров Эмилбек (18 3.1929-ж. т., Кочкор району, Ак-Кудук айылы) — мамлекеттик жана профсоюз ишмери, СССР Жогорку Советинин (1990), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1971—90) депутаты.
1949-ж. Фрунзе кооператив техникумун, 1953-ж. КМУну бүткөн.
1945-ж. Чүй районундагы "Шамшы" совхозунда жумушчу, "Кегети" совхозунда, Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи, 1953—58-ж. Ош педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, 1958—59-ж. комсомолдун Ош обкомунун катчысы, 1960-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун инструктору, 1963—64-ж. бөлүм башчынын орун басары, 1964—70-ж. бөлүм башчы, 1970 -71-ж. Кыргызстан КП Ош шааркомунун 1-катчысы, 1971—73-ж. Кыргызстан КП БКнын уюштуруу партиялык бөлүмүнүн башчысынын 1-орун басары, 1973—95-ж. Кыргыз Республикасынын профессионалдык союздар Советинин төрагасы болуп иштеген.
1995-жылдан Борбордук Азиянын, Азербайжан жана Түркиянын профсоюздар борборлорунун Координациялык советинин генералдык катчысы.
Абакиров калктын турмушун жакшыртуу, саламаттыгына кам көрүү жана башка боюнча көп иш-чараларды жүргүзгөн. Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери, үчүнчү даражадагы “Манас” ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.