Абал диаграммасы

Википедия дан

Абал диаграммасы (фазалык диаграмма же теңсалмактуулук диаграммасы) - термодинамикалык системанын теңсалмактуу абалын мүнөздөөчү чоңдуктардын: басым р, көлөм V, температура Т, системанын курамы xi, чыңалыш (электр же магнит талаасынын), тыгыздык ж. б. арасындагы көзкарандылыктын чиймедеги сүрөттөлүшү. Термодинамикалык системанын абалы зат бир түзүүчүдөн (компоненттен) турса, анда Абал диаграммасы өз ара тик багытталган үч координата октору (р,V,Т) түзгөн мейкиндиктеги үч өлчөмдүү фигура болот. Абал диаграммасы р, Т окторунун тегиздигинде берилген. Тегиздиктеги Абал диаграммасы талаа (тегиздиктин бөлүгү), сызык жана чекит менен сүрөттөлөт.

Абал диаграммасы боюнча ар кандай процесс учурунда заттын башка абалга өтүү багыты аныкталат. Мис., абалы 1-чекит менен сүрөттөлгөн затты турактуу басым астында ысытып, 2-абалга которсо, анда бул зат катуу абалдан суюктукка жана андан газга өтөт. Эгерде бул затты 3-абалынан 4-гө өткөрсө, анда катуу зат түз эле газга айланат. Бул кубулуш сублимация делет. Көпчүлүк заттардын үчилтик чекиттеги басымы атмосфералык басымдан төмөн болгондуктан, бул заттар катуу заттан газга өтүүдөн мурда суюктукка айланат. Мис., суу үчүн Рүч =4,58 сым.мам.мм., ал эми атмосфералык басым - 760 сым.мам.мм кургак муз (СО2) үчүн Рүч=5,11атм. Ошондуктан бул зат атмосфералык басым астында катуу заттан газга гана өтөт да, эч качан эрибейт.

Буулануу сызыгы ҮК К чекитинде үзүлөт. К чекити критикалык чекити деп аталат. Критикалык абалда суюктук менен газдын ортосундагы айырмачылык жоюлат.

Бир нече кристаллдык түзүлүшкө ээ болгон бир түзүүчүдөн турган заттардын абалынын диаграммасы татаал жана бир нече үчилтик чекиттери болот. Мис., суу катуу абалында жети түрдүү кристаллдык түзүлүшкө ээ.

Эгер зат эки түзүүчүдөн турса, анда анын диаграммасы адатта температура (Т) - курам (концентрация X) тегиздигинде берилет. Мындай термодинамикалык системалар кош эритмелер же куймалар делет.

Абал диаграммасы химия өнөр жайында, металлургияда жана жаңы материалды алууда кеңири колдонулат. Абал диаграммасын түзүү үчүн термдик жана рентген анализдери, микроскоптук изилдөөлөр, электр өткөрүүчүлүктү жана катуулукту өлчөө ж. б. ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]