Мазмунга өтүү
Абаса сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. Кырк эки айаттан турат
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Ал[2] кабагын бүркөп ары бурулду,
- 2. Сокур киши келип калганы үчүн.[3]
- 3. Ал мүмкүн (күнөөдөн) тазаланууну каалаганын сен кайдан билээр элең?
- 4. Анан ошол эскерме ага пайда берээр.
- 5. Ал эми (өз байлыгы менен маашырлана) текеберденген адам,
- 6. Сен ага (көңүл буруп) кабылдайсың.
- 7. (Анын) тазаланбоосу[4] сага зыйаны жок.
- 8. Ал сага (чын ыклас менен) умтулуп келгенге
- 9. Ал (Алладан) коркуп турат.
- 10. А сен ага көңүл бурбай алаксыйсың.
- 11. О жок! Акыйкатта, ал[5] эскертме.
- 12. Ким кааласа эстейт аны.
- 13. (Ал) ыйык барактарда,
- 14. Көтөрүлгөн жана таптаза
- 15. Элчи (периштелердин) колунда,
- 16. (Алар) ардактуу (жана) такыба.
- 17. Инсан каргышка калсын. Оо, каапырлыгы шумдуктай.
- 18. Ал (Алла) аны кандай нерседен жаратты?
- 19. Аны тамчы уруктан жараткан, анан келбет берип, (дене мүчөлөрүн) ченеп койгон.
- 20. Анан анын (чыгуу) жолун жеңил кылган.
- 21. Анан аны өлтүрүп, мүрзөгө көмөт.[6]
- 22. Андан соң Өзү каалаган учурда аны тирилтет.
- 23. Чынында, ал[7] болсо Анын буйруган нерселерин аткарбады.
- 24. Инсан өзүнүн жеп жаткан тамагына карап көрсүнчү?!
- 25. Биз нөшөрлөгөн жаан куйабыз.
- 26. Анан жерди көптүрүп, жарабыз.
- 27. Анан анын үстүнө уруктарды өстүрөбүз,
- 28. жүзүмдөрдү жана жашылча жемиштерди
- 29. жана зайтун менен курма дарагын,
- 30. жыш бактарды,
- 31. жемиштерди жана жайыттарды,
- 32. Силер жана силердин малыңар пайдалансын үчүн.
- 33. Кулак жарган[8] үнү угулуп, жаңырганда.
- 34. Мына ошол Күнү инсан өз бир тууганынан (таштап) качат.
- 35. Өз энесинен жана өз атасынан (качат).
- 36. Өзүнүн жарынан жана балдарынан (качат).
- 37. Бул күнү алардын ар биринин өз түйшүгү жетиштүү болот.
- 38. Ал Күнү жүздөр албырып тамылжыйт,
- 39. күлө багып, кубанышкан.
- 40. Ошол күнү бир жүздөрдү чаң баскан.
- 41. (Түнөрүп) оройт аны караңгылык.
- 42. Алар бузуку – каапырлар[9].