Аба жолу

Википедия дан

Аба жолу - аба трассасы географиялык белгилүү жайлардын ортосунда самолёттор үчүн абада белгиленген атайын тилке. Аба жолу өткөн жерлерде самолёттор учуп-коно турган аэропорттор болот да, алар учуу коопсуздугун камсыз кылуучу аспаптар менен жабдылат. Анда учуу аэродромдогу радиотехникалык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат. Аба жолу жергиликтүү жана эл аралык болуп бөлүнөт. Жергиликтүү аба жолунда ири райондорду, шаарларды республиканын жана облустун борборлоруна катыштыруу уюштурулат. Кыргызстандын биринчи Ташкент-Пишпек-Алматы аба жолу 1924-ж. 3-майда ачылган. 1930-ж. Фергана-Анжиян аркылуу Фрунзе-Ош, 1933-ж. 7-ноябрда Фрунзе-Пржевальск, 1935-жылдан түз учуучу Фрунзе-Ош каттамы түзүлгөн. 1975-ж. Кыргыз жарандык авиация башкармасы тейлеген аба жолу Кыргызстандын көпчүлүк жерин жана союздун 19 шаарын байланыштырып, анын жалпы узундугу 60 миң кмге жеткен. Азыр (2005) КР боюнча аба трассасынын жалпы узундугу 3533 км.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1