Аба укугу

Википедия дан

Аба укугу - аба мейкиндигин пайдаланууга байланышкан укуктук нормалардын жыйындысы. Аба укугу мамлекеттик ички жана эл аралык укуктун нормаларын камтыйт. Өз аймагына, ошондой эле аймактын сууларына тиешелүү аба мейкиндигине мамлекеттин толук суверенитетин таануу аба укугунун жобосу болуп эсептелет. Кыргызстандын аба укугу комплекстүү мүнөздө: а) ал мамлекеттик укуктун (аба мейкиндигине суверенитет); б) жарандык укуктун (жүргүнчүлөрдү, жүк ташуу, аба кемесинин ээсинин жоопкерчилиги); в) административдик укуктун (аба кемелерин аэродромдо каттоо тартиби, аэродромдун тегерегинде объектилерди куруу, аба транспортунда укук бузгандык үчүн административдик жоопкерчилик); г) жазык укугунун (өзгөчө оордотуучу жагдайда укук бузуулар, мисалы, аба кемесин айдатып качуу) нормаларын камтыйт. Аба укугунун негизги булактары эларалык келишимдер (эки жана көп тараптуу). Алардын ичинен эл аралык жарандык авиация жөнүндө 1944-ж. кабыл алынган Чикаго конвенциясынын мааниси чоң. Бул конвенция боюнча жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО) түзүлгөн. Аба кемелерин басып алуу жана айдатып качуу Варшава конвенциясы (1929); Гаага протоколу (1955); Токио конвенциясы (1963); Гаага конвенциясы (1970); Монреаль конвенциясы (1971) жана башкаларда каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]