Фатима Абдалова

Википедия дан
Абдалова, Фатима‎»‎ барагынан багытталды)

Абдалова, Фатима – акын. Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 1960-жылы 29-июлда туулган. 1977–1982-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде билим алган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019).

Алгачкы эмгек жолун Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны» гезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштап, Кыргыз Республикасынын Китеп палатасында, «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында, Кыргыз Мамлекеттик телерадиосунда редакторлук кызматтарда эмгектенген, азыркы учурда «Азаттык» медиа институтунда иштейт.

Ыр жазууну сегиз жашынан баштап, жогорку окуу жайында окуп жүргөн мезгилинде ырлары республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы «Бешик боо» деген ат менен 1989-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Жаш акындардын республикалык фестивалдарынын лауреаты. Ф.Абдалова 1989-жылы Москвада өткөн жаш акын-жазуучулардын Бүткүл союздук семинар-кеңешмесинин катышуучусу.

1992-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Ф.Абдалованын экинчи ыр жыйнагы «Ай жарыгында» деген ат менен 1997-жылы жарыкка чыгып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыган. Ф.Абдалова 2007-жылдын сентябрь айында Түркиянын Элазыг шаарында өткөн дүйнөлүк түрк тилдүү акындардын «Хазар поэзия кечтери» фестивалынын катышуучусу.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бешик боо: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1989. – 80 б.

Ай жарыгында: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1997. – 116 б.

Жүрөктөгү шамал: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 176 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]