Абдираимшама, Абдираим Шаматов

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдираим Шаматов (1892, Лейлек району – 1953, Тажик Республикасы, Хожент обл.,) – жазма жана төкмө акын. Шаматов алгачкы билимди Аксуудагы медреседен, 1905–1910-жылдарда Хоженттин Нов шаарындагы мусулман мектебинен алган. 1913-ж. Хожент шаарындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. КРУИАсынын Кол жазмалар фондунда анын арап арибиндеги 1916-жылдан 1929-жылга дейре жыйнаган эмгеги сакталып турат. Шаматов жаңы заман орнотуунун алгачкы жылдарында жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлар негизинен окуу, тарбия маселесине арналган:


“Качасың оку десем, кайран журтум,
Караңгы, тоодо жүргөн айран журтум”

Эл арасына кеңири тарап кеткен санат, терме, насыят жанрындагы:
Туура сөздөн танбагын,
Башыңды кесип алса да.
Семире түшсөң сереңдеп,
Секирип кетпе асманга, – дегендей ырлары да арбын. Ал өмүрү он эки жыл түрмөнүн түбүндө өткөнүнө, кийинки “боштондуктагы” 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөй, артынан кара көлөкө кубалап жүргөнүнө карабастан, зор патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан нагыз акындардан болгон.


Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

"Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы."
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору.
Бишкек – 2004

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]