Абдраимов (айыл)

Абдраимов кыштагы‎»‎ барагынан багытталды)
Жоюлуп кеткен айыл
Абдраимов
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Базар-Коргон району
Айыл аймагы Кеңеш
Координаттар 41°03′30″ с. ш. 72°44′30″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Совет, Арпачы
Борборунун бийиктиги 756 ± 1 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Диний курамы ислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 720812
Автоунаа коду 04, D
Абдраимов (айыл) (Кыргызстан)

АбдраимовКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жоюлуп кеткен айыл. 2021-жылы Базар-Коргон шаарынын курамына киргизилген[1].

Географиясы жана тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдраимов айылы, Кеңеш айыл өкмөтүнүн борбору Кар-Үңкүр суусунун оң жээгинде, Ош-Бишкек автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон шаарынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1886-ж. отурукташкан. Кыштак мурда Арпачы, Мужикайыл, Никольский, Совет аталган; 1996-ж. Социалистик Эмгектин баатыры К. Абдраимовдун ысмы берилген.

2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[2]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, 'Абдраимов' айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[3][4].

Экономикасы жана инфратүзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы 8400 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, сауна, кафе, ашканалар иштейт. Эки орто жана башталгыч мектеп, маданият үйү, амбулатория, учук диспансери, дарыкана, автоунаага май куюучу 2 станция, мечит жана башкалар бар.

Айылда № 11 Мамажан Алыкулов атындагы орто билим берүүчү мектеби бар, Революцияга чейин бул мектеп башталгыч мектеп болуп ачылган. 1920-жылы ал айылдык башталгыч мектеп деп аталган. 1928-жылы жети жылдык мектеп болгон. 1930-жылы мектеп № 2 орто мектеп деп аталган. 1976-жылы баштап №2 мектеп Энгельс атындагы № 11 орто мектеп болуп аталып калган.
1976-жылы үч кабаттуу имаратка көчүп килип. Бул мектеп орус, өзбек тилиндеги мектеп болгон. 1994-2006 жылдары мектептин мугалимдери «Жыл мугалими» конкурсуна жыл сайын ийгиликтүү катышышкан. 20-сентябрь 1999-жылы № 11 Энгельс атындагы мектеп № 11 Мамажан Алыкулов атындагы мектеп болуп өзгөрүлгөн. 2007-жылы мектепке толук оңдоп түзөө жүрүп, жылытуу системасы грантын негизинде 550 миң сомго бүтөрүлгөн, окуу жайда 65 мугалим эмгектенет.

Белгилүү инсандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]