Мазмунга өтүү

Абдувахаб Мониев

Википедия — ачык энциклопедия
Абдувахаб Мониев
Туулган датасы:

1974-жыл

Туулган жери:

Чөгөм а, Араван району, Ош облусу

Өлгөн датасы:

2022-жыл

Өлгөн жери:

Ош облусу

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

журналист • публицист

Абдувахаб Мониев (1974-жыл, Чөгөм айылы, Араван району, Ош облусу — 24-февраль 2022-ж) — белгилүү журналист жана публицист. Бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти[1]. Публицист кыргыздын алгачкы генералы Ысакбек Мониевдин тукуму. Журналист бул тууралуу өзүн анын урпагы катары эмес, кесипкөй журналист катары иликтеп, китеп жазган[2].

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Ош облусунун Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн[3].

Журналисттик ишмердүүлүгүн 1992-жылы Ош облусунун "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуп баштаган. Кийин Чөгөм орто мектебинде лаборант болуп иштеген. Ошондой эле "Асаба" жана "Агым" гезиттеринде кабарчылык милдетти аткарган. Андан соң "Учкун", "Ош жаңырыгы" жана "Эркин-Тоо" басылмаларында башкы редакторлук кызматтарды ээлеген[1][4].

2005–2007-жылдары облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде башкы редактор болуп иштеген. 2007–2009-жылдары “Агым” жана “Ачык саясат” гезиттеринде башкы редактордун орун басары болгон. Андан соң “Пресс kg” гезитин жетектеп, башкы редакторлук кызматты аркалаган. 2010-жылы болсо “Эркин-Тоо” гезитинде редактор болуп эмгектенген[3].

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналист бир нече тарыхый-баяндама мүнөзүндөгү маанилүү китептердин автору болуп саналат[3].

  • “Генерал Ысакбек” (2006-жыл)
  • “Эстутум-1” (2007-жыл)
  • “Муңгуш” (2012-жыл)
  1. 1.0 1.1 Журналист Абдувахаб Мониев каза болду. Вечерний Бишкек. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025.
  2. Абдувахаб Мониев нагыз калемгер эле. Эркин-Тоо. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025.
  3. 3.0 3.1 3.2 Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү. Азаттык. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025.
  4. Журналист, публицист Абдувахаб Мониев көз жумду. Эркин-Тоо. Текшерилген күнү 18 -июнь (кулжа) 2025.