Абдукаримов, Мамасалы

Википедия дан

Абдукаримов, Мамасалы (1910–1996) - жазуучу, журналист, котормочу. 1910-жылы 5-июнда Ош шаарына жакын Жапалак кыштагында туулган. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1995).

1921-жылдан Мамасалы Оштогу жетим балдар үйүндө үч жыл тарбияланып, 1924–1930-жж. Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтунда, кийин Кыргызстандын борбордук педагогикалык техникумунда билим алып, басма сөз кызматтарында иштейт. 1928 - 1940-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде редактор, 1933 - 1950-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу катчы, директордун орунбасары жана редактор, Кыргызстан КП Ош обкомунун катчысы, 1950 - 1957-жж. Кыргызмамбаста бөлүм башчы, 1957 - 1968-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген.

М.Абдукаримовдун жазуучулук жана журналисттик иштери педагогикалык техникумда окуп жүргөн мезгилде башталган. Техникумдагы К.Жантөшев, М.Элебаев, Ж.Бөкөнбаев, У.Абдукаимов, К.Маликов, С.Сасыкбаев сыяктуу жаш таланттар менен бирге «Кызыл учкун» ийримин уюштурууга активдүү катышат.

1928-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитине «Курмушунун турмушу» аттуу биринчи аңгемеси жарыяланган. 1931-жылы М.Абдукаримовдун «Кызыл эмгек» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Көп сандаган очерктери, аңгемелери, фелъетондору республикалык гезиттерде үзбөй чыгып турган.

М.Абдукаримов «Жашагым келет» аттуу үчилтик жазып, биринчи китеби 1962-жылы орус тилинде жарыяланган.

Ал кыргыз мектептери үчүн адабият хрестоматияларын түзгөн жана марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын, КПСС тарыхын, философия, логика боюнча окуу китептерди, көркөм адабий чыгармаларды, көркөм фильмдерди которгон.

1950-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1930-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

М.Абдукаримов «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941 - 1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.

Фрунзе шаардык комитетине, Кыргызстан КП Ош обкомуна мүчө болуп жана Ош облустук Советине элдик депутат болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл эмгек. - Ф.: Кыргызмамбас, 1932. - 280 б.

Турмуш жана күрөш: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Кыргызмамбас, 1937. - 98 б.

Адабият хрестоматиясы. 4-класс үчүн. - Ф.: Кыргызмамбас, 1936, 1937, 1938, 1939, 1940, 1941, 1942, 1943, 1944-жж.

Адабият хрестоматиясы. 10-класс үчүн. - Ф.: Кыргызмамбас, 1951.

Үзүлбөгөн үмүт: Аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 170 б.

Болгар жеринде (Журналисттин күндөлүк дептеринен). - Ф.: Кыргыз-мамбас, 1960. - 57 б.

Жашагым келет: Роман 1-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1960. - 496 б.

Жашагым келет: Роман 2-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1965. - 420 б.

Жаңырык: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1965. - 319 б.

Жол башы: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1970. - 303 б.

Турмуш баяны: Аңгемелер жана очерктер. - Ф.: Кыргызстан, 1980. - 440 б.

Биринчи кубаныч: Документалдык повесть. - Ф.: Мектеп, 1987. - 44 б.

Таалай танабы: Дастан, повесттер жана аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1988. - 288 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эхо: Роман. - Ф.: .: Кыргызстан, 1988. - 271 с.

Жить хочется: Роман 1-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 508 с.

Начало пути: Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1982. - 176 с.

Эхо: Роман. - М.: Сов. Писатель, 1982. - 283 с.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейфуллина Л. Ленин жөнүндө баян. - Ф.: Кыргызмамбас, 1930. - 16 б.

Сейфуллина Л. Мужуктар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1932. - 102 б.

Горький М. Аңгемелер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 160 б.

Бубенов М. Ак кайың. - Ф.: Кыргызмамбас, 1950. - 407 б.

Чехов А.П. Ванька. - Ф.: Кыргызмамбас, 1951. - 18 б.

Надь Шандор. Элдешүү. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 62 б.

Семен Гарин. Милянфан Шалынын өрөөнү. - Ф.: Кыргызмамбас, 1953. - 87 б.

Дрда Ян. Кызыл тортиза. - Ф.: Кыргызмамбас, 1954. - 79 б.

Короленко В.Г. Макардын түшү. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 39 б.

Тургенев И. Муму. - Ф.: Кыргызмамбас, 1956. - 53 б.

Воинов В. Из кубар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 298 б.

Тургенев И. Муму: Аңгеме. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 53 с

Горький М. Шумкар жөнүндө ыр. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 18 с.

Шолохов М. А. Көтөрүлгөн дың. 1-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. - 350 б.

Ду Пэн-чэн. Яньань үчүн согуш.: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1959. - 664 с.

Каверин В. Эки капитан: Роман в 2-х книгах. - Ф.: Кыргызмамбас, кн.1. - 1962. - 500 с. кн.2. - 1963. - 394 с.

Шолохов М. Көтөрүлгөн дың: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1964. - 482 с.

Горький М. Кемпир Изергиль. - Ф.: Мектеп, 1966. - 33 с.

Горький М. Шумкар жөнүндө ыр. - Ф.: Мектеп, 1967. - 19 с.

Горький М. Шумкар жөнүндө ыр. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 13 с.

Тургенев И.С. Муму: Аңгеме. - Ф.: Кыргызстан, 1972. - 44 с.

Горький М. Аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 124 с.

Тургенев И.С. Муму: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1984. - 36 с.

Шолохов М. Федотка. «Көтөрүлгөн дың» романынан. - Ф.: Мектеп, 1984. - 20 с.

Шолохов М. Алар Мекен үчүн согушту. - Ф.: Кыргызстан, 1986. - 152 с

Чехов А.П. Балдар: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1983. - 60 с.

Чехов А.П. Ванька: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1987. - 23 с.

Гюго В. Гаврош: «Куугунтук жегендер» романынан. - Ф.: Мектеп, 1987. - 60 с.

Булычев К. В. Астероид туткундары: Фантаст. повесттер. - Ф.: Мектеп, 1988. - 304 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]