Абдулаев Хабиб Мухамедович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абдулаев Хабиб Мухамедович[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыскача өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Абдулаев Хабиб Мухамедович (1912-жылы азыркы Араван районунун, Араван кыштагында туулган.-1962-Ташкент шаары)-белгилүү өзбек совет геологу. Өзбек ССР ИАнын академиги (1947), президент (1956-62). 1941-жылдан КПСС мүчөсү болуп иштеген анан, геология-минералогия илимдеринин доктору болуп 1946-жылы кызмт өтөгөн. Орто Азия индустрия институтунда иштеген. 1941-50-жылдары Орто Азия индустрия жана Өзбек ССР ИАнын геология институттарынын дректору болуп кызмат өтөгөн. 130дан ашык илимий эмгектери (айрымдары дуйнөгө маалым) бар. Ал петрологиянын теориялык маселелерин, ке илими жөнүндө окууну , скар жана аны менен байланыштуу болгон кендердин проблемасын иштеп чыккан. Эл аралык геологиялык конгресстерге бир нече жолу (1950-61) катышкан . Франсия геология коомунун жана Британия минералогия коомунун мүчөсү (1960. СССР Жогорку Советинин 5-чакырылышынын жана Өзбек ССР Жогорку Советинин (1965-62) депутаты, Өзбекстан КП БКнын 22-съездинин делегаты болуп кызмат өтөгөн.

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Лениндик сыйлыктын (1959) Бируни атындагы Өзбек ССРинин мамилекеттик сыйлыгынын (1970) лауреаты. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу, үч Кызыл Жылдыз, “Ардак Белгиси” ордендери , медалдары менен сыйланган. .

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбугулов М."Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.