Абдулла Авлоний
| Абдулла Авлоний | |
| өзб. Abdulla Avloniy | |
| Файл:Abdulla Avloniy.jpg | |
| Туулган датасы: | |
|---|---|
| Туулган жери: | |
| Өлгөн датасы: |
25 -август 1934 (56 жаш) |
| Жарандыгы: | |
| Ишмердүүлүгү: |
жазуучу, драматург, акын |
| Сыйлыктары: |
"Мыкты өтөгөн кызматы үчүн" ордени (Өзбекстан) |
Абдулла Авлоний (1878-жылдын 12-июлу, Ташкен шаары — 1934-жылдын 25-августу, Ташкен шаары) — XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы өзбек улуттук маданиятынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири, акын, драматург, журналист, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер. Абдулла Авлоний өз эмгектерин "Кабил", "Шухрат", "Хижрон", "Авлоний", "Сураё", "Абулфайз", "Индамас" деген каймана аттары менен жазган.
1934-жылы 25-августта Ташкенде каза болуп, сөөгү Боткин көрүстөнүнө коюлган[1].
Балалыгы жана жаш чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Авлоний 1878-жылы 12-июлда Ташкендин Мерганча районунда токуучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үй-бүлөсүндөгү каржылык кыйынчылыктардан улам ал бала кезинен эле шыбакчы, кыш куюучу, меш жасоочу, курулушчу жана жыгач устачылык сыяктуу кесиптер менен алектенген[2][3]. Кийин ал "Курулуш чебери" наамын алган. Ал бул тууралуу өзүнүн өмүр баянында мындай деп жазган: "12 жашымда Окчи районундагы медреседе сабак ала баштадым. 13 жашымдан баштап жайында жумушчу болуп иштеп, үй-бүлөмө жардам берип, кышында окудум. 14 жашымдан баштап заманга ылайык ар кандай ырларды жаза баштадым. Бул мезгилде мен "Таржумон" гезитин окуп, замандын агымын түшүндүм".
Окчидеги эски мектепте, андан кийин медреседе окуп билим алган (1885-1895). Медресени аяктагандан кийин, ал мектептерде сабак берүү багытындагы иштер менен алектенген[4]. Оренбургда, Казанда жана Тбилисиде басылып чыккан гезит-журналдарды дайыма карап, алар менен таанышып турган[2].
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абдулла Авлоний — XX кылымдын башындагы жадидизм кыймылынын көрүнүктүү өкүлү жана Ташкендеги жадиддердин активдүү мүчөлөрүнүн бири болгон. Анын чыгармачылыгы 1906-жылдан тартып басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. Ал араб, фарс жана орус тилдерин мыкты өздөштүрүп, Лев Толстой, Константин Ушинский сыяктуу ойчулдардын чыгармаларын өзбек тилине которгон.
Агартуучулук жана журналистика тармагындагы ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1906–1908-жылдары «Тараккий», «Шухрат» жана жашыруун түрдө «Осиё» гезиттерин чыгарган.
Мектептерде биринчилерден болуп химия, география, физика жана астрономия илимдерин окутууну сунуштаган.
1908–1912-жылдары Ташкендин Миробод жана Дегрез райондорунда жаңы ыкмадагы мектептерди ачып, өзү сабак берген.
1909-жылы жетим балдарды окутуу үчүн «Жамияти хайрия» коомун түзгөн.
Жаңы мектептер үчүн «Биринчи мугалим», «Экинчи мугалим», «Туркий гулистон ёхуд ахлок» сыяктуу окуу куралдарын жазган.
Маданий жана коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1913-жылы «Туркистон» театр труппасын негиздеп, элдин аң-сезимин көтөрүү үчүн театр искусствосун колдонгон. Анын сахналык чыгармалары Ташкен, Фергана, Анжыян, Кокон жана Кожент шаарларында коюлган.
Октябрь төңкөрүшүнөн кийин элге берилген убадалар аткарылбаганы үчүн чыгармачылыгында бир аз төмөндөө (кайгыруу) байкалган.
1919–1920-жылдары Шарк өкмөтүнүн Ооганстандагы саясий өкүлү жана консулу болуп иштеген, ошондой эле Ооганстандын элге билим берүү министри кызматын аткарган.
Илимий жана педагогикалык мурасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өмүрүнүн акыркы жылдарында жогорку окуу жайларда (азыркы Өзбекстан Улуттук университети) кафедра башчысы жана профессор болуп иштеп, адабият боюнча окуу китептерин түзгөн. Ал өз чыгармаларын Хижрон, Набил, Индамас, Шухрат, Тангрикули сыяктуу көптөгөн каймана аттар (псевдонимдер) менен жазган. Жалпысынан 4000 саптан ашык ыр жана көптөгөн илимий-сын макалалардын автору[4].
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балдар үчүн өзбек тилиндеги окуу китептери: «Биринчи муаллим», «Иккинчи муаллим», «Тарих», «Туркий гулистон ёхуд ахлок»[5].
Пьесалары: «Туй», «Съезд», «Лайли ва Мажнун», «Икки мухаббат», «Адвокатлик осонми?», «Уликлар» «Адвокатлик осонми?», «Пинак», «Биз ва сиз», «Бурон», «Португалия инкилоби»[5].
Тамсилдери: «Тулки ила карга»[5].
Поэмалары: «Мардикорлар ашуласи», «Ватан», «Мактаб», «Богча», «Ялков шогирд тилидан», «Тоглардан бир манзара», «Миллатга хитоб», «Ишчилардан тортук», «Куклам келди», «Товуш»[5].
Макалалары: «Максад ва маслак», «Холимизга доир»[5].
Аңгемелери: «Хасад балоси»[5].