Абдыбек Бекболотов

Википедия дан
Бекболотов, Абдыбек Бекболотович
Туулган жылы:

1932-жыл

Каза болгон жылы:

1995-жыл

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Физика, Астрономия

Бекболотов Абдыбек Бекболотович (1932-1995) — астрофизика боюнча адис, Пржевальский педагогикалык институтунун бүтүрүүчүсү (1958). Одесса мамлекеттик университетинин астрофизика адистиги боюнча аспирантураны аяктаган (1965-1969). КУУнун физиканы окутуу технологиясы кафедрасында окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенип, 30 илимий жана илимий методикалык эмггектери жарыяланган (1970-1995). А.Бекболотов Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясын терминология комиссиясынын сунушу менен «Астрономиялык терминдердин орусча - кыргызча сөздүгү» аттуу эмгеги жарыяланган (Бекболотов А. Русско-кыргызский словарь астрономических терминов. Бишкек «Илим» 1991. 208 б.).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.