Эрнест Абдыжапаров

Википедия дан
Абдыжапаров, Эрнест Алмазбекович‎»‎ барагынан багытталды)
Эрнест Алмазбекович Абдыжапаров

Эрнест Абдыжапаров
Туулган датасы:

27 -февраль 1961(1961-02-27) (63 жаш)

Туулган жери:

Бишкек, Кыргызстан

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

кинорежиссер, кинооператор, сценарист

Карьерасы:

1988-жыл- азыркы учур

IMDb:

ID 0008331

abdyjaparov.com


Эрнест Алмазбекович Абдыжапаров - кыргыз кинорежиссеру, сценаристи, продюсери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрнест Абдыжапаров 1961-жылдын Бирдин айынын 27синде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Фрунзедеги орус тили жана литературасы педагогикалык институтун аяктаган. Мектеп мугалими болуп эмгектенген.

1988-жылы Абдыжапаров «Көрөгөч» киножурналынын директорунун ордун ээлеген. 1992-жылдан тарта «Кыргызфильм» киностудиясынын редактору. Кийинки жылы жаштардын «Умай» чыгармачылык фондун жетектеп баштаган. 1999-жылы Абдыжапаров өзүнүн студиясын ачып, жетектей баштайт. 1999-жылдан 2001-жылга чейин Кыргызстандын кинематогрфисттердин союзунун секретары, 2001-жылдан 2002-жылга чейин «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редактору.

Фильмографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Режиссер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1993 — Менин Пирим Алманбет
  • 1995 — Таранчы
  • 1995 — Беш-терек
  • 1995 — Хрупкий лес
  • 1996 — Подземный переход
  • 1997 — Альгамбра
  • 2000 — Остановка
  • 2000 — Босого
  • 2001 — Обезьяна Актана
  • 2002 — Мария, дочь Моисея
  • 2004 — Саратан
  • 2007 — Боз салкын
  • 2009 — Город мечты
  • 2009 — Уурунун махабаты
  • 2010 — Гаишники, фильм 11: Иссык-кульский бешбармак
  • 2011 - Күкүк Шахра
  • 2013 - До+Фа
  • 2013 - Такси жана телефон
  • 2013 - ЖЫргализм
  • 2013 - 5000 сом

Сценарист[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1993 — Качели
  • 2000 — Остановка
  • 2004 — Саратн
  • 2007 — Боз салкын
  • 2009 — Уурунун махабаты
  • 2010 — Гаишники, фильм 11 : Иссык-кульский бешбармак

Продюсер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2000 - Остановка
  • 2009 - Уурунун махабаты

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эрнест Абдыжапаровдун тасмалары 20дан ашык эл аралык фестивалдарга катышкан. «Таранчы» кыскаметраждуу тасмасы бир нече фестивалдардын жана эл аралык кинематографиялык уюмдардын сыйлыктарын топтогон:

  • Кыскаметраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалынын гран-приси, Драма, Греция - 1996
  • FICC жана Германиянын Католик тасмасы сыйлыктары, кино Германии на кыскаметраждуу тасмалардын Оберхаузенск эл аралык фестивалында Германия — 1997
  • C.I.C.A.E. сыйлыгы эң мыкты тасма үчүн — 1998

«Айыл Өкмөтү» тасмасы бир нече фестивалдарда сыйлык алган:

Мындан тышкары:

  • Кыргызстан жаштары премиясынын лауреаты - 2001
  • Гран-при номинациясы, чыгыш-батыш тасмасынын Котбусск фестивали — 2007, «Боз салкын» тасмасы үчүн
  • Эң мыкты сценарий үчүн сыйлык, «Киношок» — 2008, «Боз салкын» тасмасы үчүн

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]