Абдыкалыков Жолдошбай

Википедия дан
Абдыкалыков, Жолдошбай‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыкалыков Жолдошбай (1935-ж. т., Ысык-Көл району, Таштак айылы) — акын, котормочу. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1985).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1959-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
1959-жылдан «Жаш Ленинчи» журналында жана «Ленинчил жаш» гезитинде редактор, 1976—88-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинде башкы редактор.

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи ырлар жыйнагы «Жылдызстан» 1961-ж. жарык көргөн.
Абдыкалыков — «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968), «Таштагым менин, Таштагым» (1970), «Теребел» (1971), «Дүйүм дарак» (1973) ырлар жыйнактарынын автору.
Ал классикалык кыргыз поэзиясынын салты менен жазат. Күндөлүк турмуш чындыгын нукура реалисттик боёктор менен туюнтууга умтулат, анын ыр, поэмаларында гражданчыл пафос, патриотчул чакырыктар, тунук лиризм жыш учурайт.
Чет тилдерге ырлары которулган. Кыргыз тилине А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, В. В. Маяковскийдин чыгармаларын, Бангладеш, латын америкалык акындардын ырларын которгон.
Кыргыз Республикасынын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1970).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошбай Абдыкалыков, ЫНАКТАРЫМ, ДОСТОРУМ(жеткиликсиз шилтеме)