Адылбай Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Адылбай‎»‎ барагынан багытталды)

Адылбай Абдылдаев (1928-2005) - кыргыз элинин ишмерлеринин бири.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1928-жылы Ысык-Көл дубанынын Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдылда Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда үйдүн улуусу болгондуктан, эки кичи инисин жетелеп, бирөөнүн малын багып, эмгекке эрте бышты. Согушка кеткен бойдон Атасы Абдылда кайрылып келген жок. "Жетим өз киндигин өзү кесет",- дегендей, бардык кыйынчылык, оор жумуш ата-энеден жаш калган Адылбайдын мойнунда болуп аймагы жайкысын жаанчыл, кышкысын кар калың түшөт. Жери кара топурактуу келип, айдаган эгин чыкка канып, түшүмдү мол берет. Таман акысын жумшап, маңдай терин төксө, киши эмгегин жер жебейт. Беш айылдан турган Миң-Булак колхозу кийин совхоз болуп, дан жагынан да, мал жагынан да көрсөткүчү жакшы болду. Сары-Дөбө ошол беш айылдын бири, мал киндиктүү жер. Адылбай Сары-Дөбөдө кой да бакты, уй да бакты, жылкы да бакты, өгүздөрдү да бакты. Адылбай жайкысын Каркыранын, Сары-Жаздын сырттарында жайлап, анан күздөөгө түшүп, кышкысын малдарын айдап жакага келчү. Ата-бабалары Белек, Ногой, Боронбай, Мураталы, Карач, Солтонкул, Балбай, өмүр баатырлар жайлаган Каркыра менен Сары-Жаз Жибек жолунун мизиндеги тогуз жолдун тоому. Илгертен эле ата-бабалары ошол жерде кийимге, буюмга, эмгек куралдарына мал айырбаштап, мал багып, мал менен өткөн. Адылбай да ошол бабалардын кесибин мурастап, көзү өткөнчө мал менен жүрдү. Коом малый ондон жүзгө, жүздөн санга курады. Өзү да "май кармаган бармагын жалайт" болуп, мал туягынан куру кол болгон жок. Малдын аркасы менен үйлөндү, турмуш курду, балдарын окутту. Адылбай Абдылдаев 2005-жылдын 15-февралында дүйнөдөн өткөн.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы Бүкөн Айылчиева 1932-жылы Ысык-Көл районунун Таштак (азыркы Жаркынбаев) айылында төрөлгөн. Атасы Айылчы, энеси Дарийка колхоз уюшулгандан баштап, коомдук ишке активдүү аралашкан, айылдын алдыңкы адамдарынан болгон. Түптүн Шаты айылында жашаган туугандарынын үйүнөн көрүп калып, Адылбай дароо жактырып, Бүкөнгө сөз айттырат. Алар 1950-жылы баш кошушат, он балалуу болушат. Балдарынын бешөө жерде, бешөө эр жетип, эл кызматын аркалоодо. Ата-энеси Таалайбек, Алтынай, Асылкан, Бактыбек, Асанжан деген уул-кыздарын эрезеге жеткиришти. Таалайбек Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Москвадагы Плеханов атындагы айылчарба академиясынын аспиранты болуп, экономика илиминин кандидаты деген наамга ээ болгон. Кийин соода министрлигинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Көл областтык керек-жарак союзунун төрагасы болуп турган. 1994-жылдан Москвадагы ишкердүүлүк жана укук институтунун Кыргызстандагы филиалынын ректору, профессор, экинчи рангдагы мамлекеттик кеңешчи, Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Бактыбек менен Асанжан орган тармагында иштеп, азыр өз алдынча фермер, ишкер адамдар. Кыздары турмушта. Камкор, кең пейил, карапайым, мээнеткеч, асыл адам, дүйнөдө балдарын баарынан артык көргөн бактылуу ата болгон. Артында атанын уулдары, кыздары, он сегиз небереси, он тогуз чөбөрөсү мурас болуп калды. Алар улуу көчтүн жолун улап, мекен үчүн кызмат өтөп келишет.

Ал тууралуу пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир кызы мындай дейт: " Бала үчүн ата бирден-бир бийик, эң билги, акылдуу, абройлуу, анан албетте, биринчи кезекте үлгү тута турган сыймыктуу адам. Ата балага таяна турган аскалуу тоо, арка-жөлөк. Дүйнөдөн көзү өткөндө атанын кадыр-баркын артыкча туюп, бир капталың эңшерилгендей,жөлөнүп турган улуу зоокаң урагандай, өзүңдү кем сезесиң. Көз алдыңа элестетип, бул дүйнөгө кайрылып келбесин эстесең, кайрадан жоготкондой көздөрүң жаш алып, көңүлдүн түпкүрүндө бир бошоп, сыздап аласың". Тун уулу Таалайбектин айтымында:" Адылбай ата эң жоош, кой оозунан чөп албаган момун киши болгон. Адамга жакшылык гана каалаган ак көңүл адам эле. Эч кимден эч нерсесин алчу эмес. Ачуусу келгенде саал катаалдыгы бар эле. Ал эми жакшы көргөн досу Ниеталы, Алакай: "Адылбай достукка бекем, айтканын аткарган, сөзүн эки кылбаган, дос дегенде жанын берген, айыл арасында өтө кадыр-барктуу адам эле",-деп эскерет. Бир гана өкүнүчүбүз, атабыз арабыздан эртерээк кетип калды". Дүйнөнү кармап турган мамлекет башчылары эмес, так ошол жердей кенен, көлдөй терең, тоодой бийик, аккан суу, чыккан чөптөн башкага зыяны жок мээнеткеч, карапайым адамдар болгондуктан, эл куту, жер байлыгы, мамлекет казынасы жаралып жатат. Аны даңазалабай, биз кимди даңазалайбыз.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.