Шаршеналы Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев, Шаршеналы‎»‎ барагынан багытталды)
Абдылдаев Шаршеналиев
Абдылдаев Шаршеналиев

АБДЫЛДАЕВ Шаршеналы - жазуучу жана котормочу.

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Саха (Якутия) Республикасынын Ойунский атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (12. 5. 1937-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Бейшеке айылы).

Айылдагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзе шаарындагы айыл чарба машинелерин куруу заводунда бир жыл жумушчу болуп иштеген. 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө өтүп, аны 1961-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор болуп 1969-жылга чейин иштеген.

1969-жылдан 2010-жылга чейин ар кандай кызматтарда – республикалык «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабият редакциясында улук редактор, кийин бөлүм башчы; Мамлекеттик басма комитетинде (Госкомиздатта) бөлүмдүн начальниги, андан соң Басма жана китеп-соода Башкармасынын начальниги; СССР Жазуучулар союзунун адабият фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору; «Ала-Тоо» журналынын бөлүм башчысы; Кыргызстан Кинематографисттер союзунун уюштуруу-катчысы; «Кыргызкитепсоода» бирикмесинин генералдык директору; ардактуу эс алууга чыккандан кийин 1998-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин редакциялык-басма бөлүмүндө улук консультант болуп иштеген.

Шаршеналы Абдылдаев чыгармачыл үч – Жазуучулар, Журналисттер жана Кинематографисттер союздарынын мүчөсү.

Ал көп кырдуу жазуучу-прозаик, акын, котормочу. 1970-жылы жарык көргөн «Бийиктеги жылдыздар» аттуу аңгеме-повесттерден турган алгачкы жыйнагынан кийин «Жетимишинчи жаз», «Миң кыял», «Тогуз кайрык», «Алтын казына», «Чагылган» аттуу жыйнактардын автору болду. Үч томдон турган «Күн желеси» жыйнагы Ш.Абдылдаевдин жазуучулук жүзүн даана чагылдырды.

Ал ой баккан жазуучу. Анын прозалык чыгармалары окурмандарды кайдыгер калтырбайт – турмуш, жашоо, дүйнө түбөлүктүүлүктүн үлгүсү катары ойдун кенен чабыты болсо, поэзиясы назиктиктин, сулуулуктун, мээрбандыктын үлгүсү катары идеалдаштырылып толкундантат, кубантат, кайгыртат.

Элдик мурас болгон уламыштар калк арасында оозеки формасында жашап келсе алар өз кезегинде Ш. Абдылдаевдин ыр түрүндө жазылган уламыштарынын жазылышына рухий-эстетикалык өбөлгө болуп берди. Ал уламыштар азыр адабият майданында өзүнүн татыктуу өмүрүн сүрүүдө.

Ш. Абдылдаевдин бийиктик беттеп бараткан чыгармачылык өмүрүнүн бир өңүтү – котормочулук. Ушул багытта алганда ал котормо өнөрүнүн көч башында келаткан чебер котормочулардын сабын толуктап турат. Ага далил – Саха (Якутия) элинин «Ньургун баатыр» эпосу менен улуу Фирдоусинин фарсы поэзиясынын туу чокусу «Шах наме» эпосун которуп чыгаргандыгы. Ал ошондой эле У. Шекспирдин «Антоний жана Клеопатра», Островскийдин «Бөрүлөр жана койлор», Гарсиа Лорканын «Бернарда Альбанын үйү», «Өтүкчүнүн өктөм аялы», «Кандуу той», Т.Ахтановдун «Күч күйөө», Ш. Тёректин «Ат жана терезе» пьесаларын которуп, алар республикалык, областтык театрлардын сахналарында коюлган. Жазуучу булардан башка А. Упиттин «Кыялкеч», Ян Козактын «Ыйык Михаил», Г. Марковдун «Сибирь», «Ата-бала», «Болочок кылымга», С. Баруздиндин «Семёновкалык кыз» жана башка авторлордун ондогон роман, повесттерин которуп чыгарган. Котормочу ошондой эле А. Пушкиндин, М.Лермонтовдун, О. Мандельштамдын, А. Ахматованын, Р. Гамзатовдун ырларын, учурдагы орус, украин, өзбек, якут акындарынын ырларын которгон. Бул котормолор Ш. Абдылдаевди кыргыз адабиятындагы көркөм котормо жанрынын көрүнүктүү өкүлү катары жалпы окурмандарга таанымал кылды. Ал «Ньургун баатыр» эпосун которуп чыгаргандыгы үчүн Саха (Якутия) Республикасынын Ойунский атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамына жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын сактоо, жайылтуу боюнча Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын (Ил Тумэн) Ардак грамотасына, ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык «Түрксой» уюмунун Жусуп Баласагын медалына татыды.

Шаршеналы Абдылдаев кыргыз кинематографиясынын өсүп-өнүгүшүнө зор салымын кошкон алгачкы котормочулардын бири. Ал ондогон көркөм кинотасманын текстин кыргызчалаткан.

Ш. Абдылдаев таланттуу журналист катары да окуучуларга кеңири белгилүү. Анын калеминен жаралган ондогон очерктер республикалык газета-журналдарга жарыяланган жана радио аркылуу уктурулган. Повесттери орус, якут тилдерине которулган.

«Ар бир адамдын жетсем деп көздөгөн космосу болот. Көбү ага жетсе, көбү көр турмуштан көтөрүлө албай ара жолдо акырындап кала берет», – дейт Шаршеналы Абдылдаев.

Шаршеналы Абдылдаев учурда эс тарткандан эңсеген өзүнүн бийик космосунда – адабият айдыңында сапарын байсалдуу улантууда.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалын: Ырлар. - Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 407 б. (жамаат.).

Бийиктеги жылдыздар: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 118 б.

Жетимишинчи жаз: Повесттер, драмалар, ырлар жана котормолор. – Б.: Бийиктик, 2007. – 658 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Восход: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 403 б. (жамаат.)

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Упит А. Кыялкеч: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 184 б.

В.Большак. Гүлстан: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 129 б.

Г.Марков. Сибирь: Роман 1-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 400 б.

Г.Марков. Сибирь: Роман II-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 260 б.

Козак Я. Касиеттүү Михаил: Роман. – Ф.: Мектеп, 1980. – 220 .

Марков Г. Ата-бала: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 359 б.

Баруздин С. Семеновкалык кыз: Чакан повесттер жана агемелер. – Ф.: Мектеп, 1985. – 218 б.

Марков Г. Болочок кылымга: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 319 б.

Лорка Г. Бернарда Альбанын үйү: Пьеса. – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры, 1979. – 70 б.

Медведкина Р. Сыйкырдуу жомок: Пьеса. – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик Академиялык драма театры, 1979. – 40 б.

Терек Ш. Ат жана терезе: Пьеса – Республикалык куурчак театры, 1980. – 30 б.

Ахтанов Т. Күч күйөө: Пьеса. – М.Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театры, 1981. – 40 б.

Лорка Г. Менин сыйкырдуу сапатеритам: Пьеса. – Ош облустук кыр-гыз драма театры, 1984. – 65 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]