Насыркул Абдылдаев

Википедия дан
Абдылдаев Насыркул‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаев Насыркул (20. 1. 1919-ж. туулган, Жайыл району, Моңолдор кыштагы) - согуштун жана эмгектин ардагери.

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1969). Фрунзедеги педагогикалык орто окуу жайын (1938) жана Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектепти бүтүргөн (1948).

Эмгек жолун ошол эле жылы Калинин районундагы Бөксө-жол кыштагындагы башталгыч мектебинде директор болуп баштаган. 1939-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылып, Ыраакы Чыгыштагы Комсомольск-наАмуре шаарында кызмат өтөйт. Япония менен болгон согушка катышып, 1945-жылдын октябрында согуштан кайткан. 1948-55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин алдында иш башкаруучу жана анын алдындагы Маданият министрлигинде орун басар, башкы башкармачылыктын башчысы жана коллегия мүчөсү болгон.

Кыргызсовпрофто маданият кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген (1956-81). Согуштагы эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы жана «Кызыл Жылдыз» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган. Республикалык жана союздук профсоюздардын борбордук комитетинин пленум мүчөлүгүнө бир нече жолу шайланган. ВЦСПСтин, ВЛКСМ борбордук комитетинин, СССР Маданият жана Коргоо министрликтеринин жана СССР ДОСААФтын грамоталары менен, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен 4 жолу (1951, 1960, 1972, 1977) сыйланган.

2009-ж. 20-январда Бишкекте 90 жылдык юбилейи өткөрүлдү. Учурунда Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиевдер өндүү совет өкмөтүнүн белгилүү ишмерлери менен иштешкен. Теги суусамырлык, жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9