Татты Абдымаликова

Википедия дан
Абдымаликова Татты‎»‎ барагынан багытталды)

Абдымаликова Татты — Өрмөкчү жана бычмачы-тикмечи. 1908-ж. Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн.

Колхоздо иштеген. Аны өз энеси Бообек, кайын энеси Умсун экөө тең, нускалаган. Татты өрмөчүлүктүн кара термесине арбын узданат. Ал шалча таарына кургак өрмөктү 32 см эсдүүлүккө күзүктөп, четине «тактасы» жөнөкөй эле аркак салып согот, «кайкалак көчөтү» 9 ммден эки четине келет. Анан «жарым кайкалак» көчөтү толук түшсө, ал «кырк шак» деп аталат. Кайрадан көк кызыл түстөн 7,5 см «такта» берилип, 5,5 смден кайрадан «кайкалак көчөтүнөн» кийин «чычкан изин» тергенде буюм жүзүнө чыгат. Тагыраак айтканда уздун шалчасы 34 см эндүүлүктө болсо «тактага» 2 см, «чычкан изи» 0,5 см, «седепче көчөтүнө» 2 см, кайра «чычкан изине» 0,5 см, «тактага» 7 см, «тул кеште көчөтүнө» 7,5 см, дагы «чычкан изи менен «тактага» 7 см, «кайкалак көчөтүнө» 6 см, кайра «тактасына» 3 см болуусу шарттуу. Татты тери кийимдерин жана буюмдарын да арбын кармайт. Аны ашатууда жандык союлары менен туз сээп, күнгө коёт. Анан ун аталасына айранды кошот (же кошпой өз-өзүнчө жапатат) да аны сыйпап 5-6 күндөй бүктөп коёт, тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп калганда терини жууп, коңур кургак кургатат. Мунун түүктүүсүнөн ал тон, өпкө кап бычат. Жаргагына ботонун жүнүнөн ийрилген жип менен салттуу сайма көчөттөрүн түшүрүүгө машыккан. Татты жер-жемиш терүүчү себет идиш да согот. Аны жасоодо ыргалып өнүп турган буудайдын паясын оруп сууга салып, өзүнөн өзөк кылат да ал өзөккө паяны бирден ороп, экинчи өзөккө бириктире оңго бурайт. Мындай уздануу анын түймөчүлүк өнөрүнө окшошот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0