Абдыраимов Бекболот

Википедия дан

Абдыраимов Бекболот (1945, Ноокат району Кыргыз-ата айылы - 2004, Бишкек ш.) - композитор.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

1964-ж. Жалал Абадтагы A. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын ырдоо сабагынын мугалими деген адистик боюнча бутүрүп, ошол эле окуу жайында мугалим болуп калат.

1970-жылдан тартып лирикалык, балдар ырларын, хорлорду жаза баштаган. Симфониялык оркестр, хор жана солист үчүн «Уркуя» аттуу кантатаны, симфониялык оркестр үчүн күүлөрдү, фортепьяно, флейта, виолончель, скрипка үчүн баллада, рондо, сонаталарды, «Карыя Мске жана Kapa баатыр», «Эки коёнек», «Портрет», «Он үчүнчү небере», «Кургакчылык», «Төкөр» аттуу ж. б. балдар үчүн жана даректүү фильмдерге, спектаклдерге музыка жазган.

Абдыраимвовдун негизги чыгармачылыгына ыр жанрында өнүккөн. «Ак кайың», «Кызыл алма», «Менин сүйгөнүмдү түшүнгүн», «Менин Алатоом» ж. б. лирикалык, балдар ырлары угуучулар арасыңда кеңири тараган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.