Абдыраманов Шабданбай

Википедия дан
Абдыраманов, Шабданбай‎»‎ барагынан багытталды)
Шабданбай Абдыраманов

Файл:ШабданбайАбдыраманов.jpg

Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Шабданбай Абдыраманов
Туулган жылы: 24-декабрь, 1930-жыл
Өлгөн жылы: 1998-жыл
Туулган жери: Кыз-Көл кыштагы,Сузак району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, драматург, акын, котормочу, педагог
Наамдары:

Кыргыз эл жазуучусу

АБДЫРАМАНОВ Шабданбай (1930 – 1998) – кыргыздын белгилүү жазуучусу, романчы, драматург, акын, журналист, котормочу, педагог.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилүү жазуучу, педагог, коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов 1930-жылы 24-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абад (мурдагы Ош ) облусуна караштуу Сузак районундагы Кыз-Көл кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1943-жылы айылдык мектепти бүткөндөн кийин колхоздо иштеген. 1949 – 1951-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мугалимдер институтунун филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, жөнөкөй мугалимдиктен мектептин директорлук кызматына чейин көтөрүлгөн.
1953 – 1958-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун сырттан окуп бүтөт. 1959-жылы Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген.
1961 – 1964-жылдары Москва шаарындагы Горький атындагы адабият институтунун алдындагы адабият курсунан окуган. 1966-жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн жооптуу катчысы, “Ленин жолу” газетасынын кабарчысы болуп иштейт.
Мугалимдик кесибин аркалап жүргөндө эле анын “Сырдуу күмбөз”, “Көл тууралуу баян” аттуу эпикалык поэмалары “Ала-Тоо” журналына жарыяланган.
Адабияттын ыйык дарбазасын ачып, анын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, сөз өнөрүн өзүнө биротоло кесип кылып алган. Жазуучу чыгармачылык жайга 50-жылдарда келип кирди. Анын “Май түнүндө” аттуу алгачкы поэмалар жыйнагы (1957), ага удаалаш эле “Каркыра” (1959) деген ырлар жана поэмалар жыйнагы, “Тааныш адамдар” (1964), “Арстанбап аймагында” (1965), “Өкүм” (1966), “Ак жүрөк адамдар” (1973) деген прозалык чыгармалары басмадан жарык көргөн.
Жазуучунун чыгармалары орус тилинде бир нече жолу жарыкка чыккан жана боордош элдердин тилдерине да которулган.
Ш. Абдыраманов кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал чыгаан романчы. “Гүлазык” (1976), “Дыйкандар” (1977), “Тагдыр” (1980), “Жашыл аалам” (1982), “Токуучулар” (1985), “Турмуш сырлары” (1988), “Дыйкандар” (1991) деген романдары бар. 20дан ашык китеби басмадан чыккан.
Автор “Жашыл аалам” романында Арстанбаптагы уникалдуу жаңгак токою жөнүндө сөз кылып, жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза сактоо, жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү тууралуу проблемаларды көтөргөн, ал экология темасына арналган чыгарма.
“Турмуш сырларында” революциядан кийинки кыргыз элинин турмушундагы түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдү, жаңы турмушка болгон адамдардын көз караштарын, аң-сезимдерин калыптандырууларды чагылдырган.
Коллективдештирүү, кийинки сенектик мезгилиндеги айыл чарбасындагы кетирилген кемчиликтерди “Дыйкандар” романында кеңири ачып берген.
Ш. Абдыраманов доор үнүн сезген публицист, котормочу драматург катары да белгилүү.
Анын “Кайыптын карды ооруганда”, “Коркунучтуу оору”, “Үркүнбай үйлөнгөндө”, “Токуучулар”, “Тагдыр нугу”, “Кадамжай окуясы” аттуу драмалары жана комедиялары элдик жана профессионалдык театрлардын сахнасында коюлуп, көптөгөн театр көрүүчүлөрдүн купулуна толду. “Топ жылдыз” деген либреттосун жаратты.

Чыгыш акыны Саадинин, орус акындары С. Маршактын, Н. Тихоновдун чыгармаларын которгон.
Жазуучу “Домоктун кылычы”, “Токтогул”, “Чыйбыл болуш”, “Aнжиян көтөрүлүшү”, “Алымбек датка” сыяктуу драмаларды жана тарыхый эсселерди жазган.
Өмүрүнүн соңку жылдары жазган “Арман” романы, “Ак Мактым” баянын чыгарууга үлгүрбөй кетти.
Эмгеги бааланып Кыргыз СССРинин Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.
Ал 1998-жылы дүйнөдөн кайткан.

Кѳзү ѳткѳндѳн соң, 1898-жылдагы Анжиян кѳтѳрүлүшү жана Чыйбыл болуштун тарыхына байланыштуу «Тарыхтагы ак тактар» атуу чыгармасы жарыкка чыккан.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Май түнүндө: Поэмалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1957.— 167 б. В майскую ночь.
  • Каркыра: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1959. — 215 б. Аисты.
  • Тааныш адамдар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1964.— 152 б. Знакомые люди.
  • Арстанбап аймагында: Повесттер. — Ф.: Мектеп, 1965.— 220 б. У подножья Арстанбап.
  • Өкүм: Повесттер. — Ф.: Кыргызстан, 1966.— 243 б. Приговор.
  • Ак жүрөк адамдар. Повесть жана аңгемелер. — Ф.: Мектеп, 1973.— 307 в.
  • Дыйкандар. Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1977. — 280 б. Дехкане.
  • Тагдыр. Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — 448 б. Судьба.
  • Жашыл аалам: Роман. — Ф.: Мектеп, 1982. — 248 б. Зеленая планета.
  • Токуучулар: Роман. — Ф.: Кыргызстан, 1985. — 360 б. Ткачи.
  • Турмуш сырлары: Роман, повесть жана аңгемелер. -Ф.; Мектеп, 1988.- 460 б.
  • Топурак жыты: Романдар. -Ф.: Адабият, 1990. - 480 б.
  • Тарыхтагы ак тактар: Эссе. - Б.: Бийиктик, 2007. - 254 б.
  • Токтогул жана Анжиян көтөрүлүшү. - Б.; Кут Бер, 2014. - 208 б.

Орус жана башка чет тилдерде

Мои знакомые: Повести и новеллы. - М.: Сов. писатель, 1964.

Жизнь нам открыла глаза: Повести и рассказы. - М.: Сов. писатель, 1969. - 199 б.

Киргизские рассказы. - М.: Худ. литература, 1970.

Повести и рассказы. — М.: Сов. писатель 1969. — 199 с.

Белый свет: Роман. - М.: Сов. писатель, 1980.

Белый свет. Ткачи: Романы.— М.: Сов. писатель, 1983.— 448 с.

Судьба земли предков: Романы. — Ф.: Кыргызстан, 1987. —480 с.
Башка элдердин тилдеринде:

Знакомые люди Повесть и рассказы, —Ташкент: Изд-во лит. искусситво, 1976.— 181 с. — узб. Котормолору Саади М. Гулстан: Ырлар, проза. — Ф.: Кыргызстан, 1983.— 224 с.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эл жазуучусу (1995).

Ал тууралуу шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. - Фрунзе, 1984