Абдыраманова, Айсулуу

Википедия дан

Айсулуу АбдырамановаОш областынын Кара-Суу районуна караштуу Алга-Бас айылында 1954-жылы 27-декабрда туулган. Төрт жашында атасынан ажырайт. Апасы турмуштун оор жылдарында жесир калып, төрт баласын жалгыз өзү тарбиялап өстүрөт. Бала кезинен эле зээндүү, акылдуу, чыйрак болуп чоңойгон Айсулуу 1971-жылы Ташкент шаарындагы элдик чарба институтуна тапшырган. 1975-жылы ушул окуу жайын ийгиликтүү аяктап [Жалал-Абад]] шаарындагы мамлекеттик банк бөлүмүндө экономист болуп иштеген. 1980-жылы жолдошу аскерге чакырылгандыктан Казакстандын Семипалатинск облусунун Актагай шаарында жашашат. Ал жерде аскердик горнизондун кир жуучу жеринде башкы бухгалтер, Кыргызстанга келгенден кийин 1982-жылы Октябрь ПМК курулуш мекемесинде пландоо бөлүмүнүн башчысы, 1989-жылдан 1994-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы сүт комбинатында пландоо бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер болуп иштейт. Ошол мезгилде коомдук иштерге да жигердүү катышып, кесипчилик уюмдун мүчөсү, элдик көзөмөл болуп иштеп турган. Жумушчулардын арызмуңдарын угуп, ар тараптуу жардам берип, үйү жокторго үй алууга, ооруп калгандарга курорт, санаторийлерге жолдомо алып берүүгө өзүнүн колунан келген жардамын аяган эмес. Ушул күндөрдө да Айсулууну тааныгандар анын кандай адам экенин, анын адамгерчилигин, боорукердигин, меймандостугун, мээрмандыгын, калыстыгын сөз менен айтып бүтө алышпайт. Айсулуу ишкердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу Ардак грамоталар, мактоо баракчалары менен сыйланган. "1996-жылдын 20-декабрь айында күтүлбөгөн жерден менин сүйүктүү жарым, балдарынын мээрман энеси, кайын-журтунун ыймандуу келини, төркүнүнүн акылман, чыгаан кызы-Айсулуудан ажырап калдык. Айсулуудан айрылуу үй-бүлөбүзгө, бир туугандарына, жакындарына, аны таанып билгендер үчүн чоң жоготуу болду. Айсулуу аялзатына таандык болгон баардык жакшы мүнөздөрдү алып жүргөн, адамгерчиликтүү, меймандос, боорукер, түркүн дүйүм тамактарды жасай билген, өзбек, казак, орус тилдеринде эркин сүйлөгөн, ырларын, салттарын жакшы билген инсан эле. Үйгө келген коноктордун жарпы жазылып, ыр күлкү менен сыйланчу, деги эле Айсулуу болгон жерде ыр күлкү, тамаша бүтчү эмес. Таш боор тагдыр арабыздан эрте алып кетти, бирок өмүрүн, жолун улап басар балдары чоңоюп бой жеткенин көрүп, кудайга шүгүрчүлүк деп күйүтүбүз басылып келет. Кызыбыз Чынаранын мүнөз-кыялы кудум апасыныкындай. Айсулуунун арабыздан кеткенине он жыл болсо да ага болгон сагыныч, жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат",-дейт өмүрлүк жары Мамытов Абдывахаб. Улуу уулу Марс жогорку окууну ийгиликтүү аяктап, азыр милиция органында иштейт. Кичүүсү Марат "Кыргызстан" АКБ кредит бөлүмүнүн башчысы. Кызы Чынара Кыргыз Славян университетинде окуйт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.