Токтогүл Абдышева

Википедия дан
Абдышева Токтогүл‎»‎ барагынан багытталды)

Абдышева Токтогүл (15.12.1923, Чүй облусу, Панфилов району, 3. 10.2005, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Люксембург айылы) тигүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1971).

А. 1946-жылдан Фрунзедеги трикотаж фабрикасында тигүүчү-мотористка болуп иштеген. Ал норма боюнча күнүнө 2600 топчулуктун ордуна 4000ди жасаган, «Коммунисттик эмгектин эпкиндүүсү» деген наамга татыктуу болгон (1955). Эки жылдык планды бир жылда аткарган (1970-71). Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1