Абель Нильс Хенрик

Википедия дан

Абель Нильс Хенрик (5.8.1802, Финней, Ставангердин жанында 6.4.1829, Фреланд, Арендалдын жанында) норвегиялык математик. Христиания (Осло) университетин бүтүргөн (1825). Өз эмгектерин алгебрага, функционалдык анализге жана математикалык анализге арнаган. Төртүнчү даражадан жогору теңдеменин радикалдагы чыгарылышы жок экендигин далилдеген. Жалпы гиперэллиптикалык (абелдик) интегралдар теориясынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 182629-ж. К. Г. Якобиге байланышпастан туруп эллиптика жана гиперэллиптика функциялар теориясын түзгөн. Абель даражалуу катардын жыйналуучулук теориясын андан ары өнүктүргөн, жалпы биномдук катардын жыйналуучулугун толук изилдеп бүткөн (1826). Абельге 1830-ж. Париж ИА жана немис математиги К. Г. Якобиге эллипсистик функциялар теориясын өнүктүргөндүгү үчүн атайын сыйлыгын ыйгарган. 2002-ж. Норвегия өкмөтү жана Норвегия ИА математика илими жаатында Абел сыйлыгын уюштурушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1