Абетеков, Асан Кемелович

Википедия дан

Асан Кемелович Абетеков (17. 4. 1938, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Күнчыгыш (Бөкөнбаев) айылы - 15.8.2021, Бишкек) - кыргыздын көрүнүктүү археолог адиси, КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (2002).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асан Кемел уулу Абетеков 1938-жылы чын куран (апрел) айынын 17синде Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Күнчыгыш айылында (азыркы Бөкөнбаев шаарында) туулган.

1959-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

1966 -72-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери болгон.

1972-92-ж. СССР ИАнын Орто Азия жана Казакстан археологиясынын проблемалары боюнча илимий координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары,

1992-95-ж. «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан КРнын УИАнын «Манастаануу» жана көркөм маданиятынын улуттук борборунун улук илимий кызматкери, Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти.

Илимий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал Түштүк Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдунунда (Хакасия), Энесай жээктеринде жана Кыргазстандын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гун жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археологиялык эстеликтерин казып изилдеген (1961-90).

Биздин заманга чейин 3жылдарда биздин замандын 5-кылымда жашаган усундардын «Кара-Балта» кыштакчасынын калдыктарын ачып (1964), алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү менен да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, ошондой эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» архитектурасын, өлүктү коюу ырым-жырымын биздин заманга чейин 5-3-кылымда Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген.

Түштүк Кыргызстандын жана Жети-Суунун көчмөн урууларынын археологиялык материалдарын классификациялоодо математикалык алпагордуу жана алгорифманы биринчи жолу археология илимине колдонгон.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

100дөн ашык илимий жана илимий популярдуу макалалар (анын ичинде ЮНЕСКОнун «Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы» көп томдугундагы макаласы) жарык көргөн.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]