Абиджанов Сабиджан

Википедия дан

Абиджанов Сабиджан (1947-ж. туулган, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат айылы) экономист, экономика илимдеринин доктору (1995), профессор (1999). Ташкентдеги айыл чарба институтун, Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба экономика илимий-изилдөө институтунун аспирантурасын (1974), докторантурасын (1995) бүтүргөн. Фергана политехникалык институттун доценти (1992), Ош Кыргыз-Өзбек университетинин кафедра башчысы, профессор (1999), ОшМУнун кафедра башчысы, профессор (2000), ОшТУнун кафедра башчысы, профессор (2003), экономика изилдөө борборунун директору. Экономика тармактары боюнча 50дөн ашуун илимий эмгектин автору. Эмгектери: Аграрные проблемы Центральной Азии. Фергана, 1995; Рыночные условия труда в аграрной переходной экономике. Ош, 2001; Проблемы экономической системы государства. Ош, 2003.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1