Абрей көтөрүлүшү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абрей көтөрүлүшү 6-кылымдын 80-жылында төмөнкү Согда аймагында жергиликтүү жер ээлерине жана соодагерлерге каршы чыккан көтөрүлүш. Анын башында Абруй турган. Бухара тарыхчысы Наршахинин маалыматы боюнча Абруй Пайкенд аймагын басып алган. Ошондон кийин бай дыйкандар Жети-Сууга качып барышып, түрк каганы Кара-Чордон жардам сурашкан. 585-ж. көтөрүлүштү Кара-Чордун колу келип баскан, Абруй өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1