Абурейхан Бируни

Википедия дан

Абурейхан Бируни ابوریحان محمد بن احمد بیرونی[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бируни (Абу-р-Райхан Мухаммад ибн Ахмад ал-Бируни) – акылман энциклопедист 973-жылы 4-сентябрда Хорезмдин түштүк тарабындагы Кят шаарында жарык дүйнөгө келген. Хорезмден чыккан улуу акылман, тарых, география, филология, астрономия, математика, геодезия, минералогия, фармакология, геология боюнча көптөгөн китептердин автору. Ал араб тилинде жазган. Байыркы заманда Кят шаары маданий жана соода-сатык борбору болгон. Ал шаарды Афригин династиясынын акыркы башкаруучусу Хорезмшах Абу Абдаллах башкарып турган. Күндөрдүн биринде Бируни Хорезмшахтын аталаш бир тууганы, астрономия жана математика илимдери боюнча көптөгөн эмгектердин автору, акылман Абу Наср Мансур ибн Ирак менен таанышып калат. Таанышкан күндөн тартып эле ал анын окуучусу жана жардамчысы болууга мүмкүнчүлүк алып, даанышманга жылдыздарды изилдегенге жана аларды эсептеп чыгаруу иштерине жардам бере баштайт. Бируни бала чагынан эле астроном, математик, жазуучу жана дарыгерлер арасында таанымал болгон. 21 жаш курагында, күндүн тутулушуна байкоо жүргүзүү максатында астролябияны ойлоп чыккан. Андан тышкары глобусту ойлоп чыккан акылмандардын биринчилеринен болгон. 992-жылы эмир Мамун ибн Мухаммеддин аскердик тобу Кят шаарын басып алышкан жана Хорезмшах Абу Аб-Далла өлтүрүлгөн, ошентип Бируни Хорезмден кетүүгө мажбур болгон. Ал бир нече убакыт Рейде жашап, андан соң кайра Кят шаарына кайтып келгенден көп өтпөй эле, кайрадан эмир Ургенч Мамун 1 дин аскерлери шаарды басып алышкан, ал эми жаңы Хорезмшах өлтүрүлгөн. Ошентип Бируни кайрадан Гурган шаарына кетүүгө аргасыз болгон. Ошол доордо Гурган шаарынын башкаруучусу илим-билимдин, акылмандардын коргоочусу катары таанымал болгон. Бируни ал жактан илимий иштерин жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөөрүнөн үмүттөнүп барган. Акылман Гурган шаарында алты жыл жашап, “Өткөн муундардын эстеликтери” деп аталган хронология жазган. Бул эмгекте ал Хорезмде жашаган элдин маданиятынын тарыхын, аладын үрп-адатын, каада-салтын, жашоо-турмушунун өзгөчөлүктөрүн жана ошол эле элдин, түрдүү доорлордо колдонгон жылсаноо системасын баяндаган. Ошентип Гурган шаарында Бируни өзүнүн “Жер” же “Жер бетиндеги болуп аткан кубулуштар жөнүндөгү астрономия илиминин ачкычы” атту эмгегин жазган. 1004-жылы Хорезмдин жаңы шахы Али ибн Мамундун чакыруусу менен Хорезмге кайтып келип, анын жаңы борбору Үргөнчкө жашап калат. Хорезмдин шахы борборго ар түрдүү өлкөлөрдөн, көптөгөн даанышман, акылмандарды чакырат. Ошентип “Мамундун Академиясы” аттуу илимий борбор пайда болот. Бируни аталган академиянын уюштуруучусу катары активдүү иштеп, көптөгөн илимий иштерди жаратып, Абу Али ибн-Сина (Авицена), алгебранын ойлоп табуучусу Мухаммад ибн-Муса (ал-Хорезми) сыяктуу көрүнүктүү окумуштууларды бириктирип турган Академияны башкарган. Бируни Хорезмдин шахынын хан сарайында 1017-жылга чейин жашаган. Ал илимий иштер менен гана алек болбостон, Хорезмшахтын хан сарайында маанилүү дипломатиялык тапшырмаларды да аткарган. Бируни фарсы, согдий, сирий, грек, еврей, ал эми кийинчерээк санскрит тилдерин жакшы билген. 1017-жылдын аягында абдан каардуу Махмуд Газни Хорезмди басып алып, борбор калааны гана талкалабастан бүтүндөй мамлекетти бүлүнткөн. Бируни Махмуд султандын кол алдында 13 жыл кызмат кылган. Ошол катаал жылдары шах Махмуд аны ишенбестик менен айыптап өлүм жазасына тарткан. Бирок вазирдин кийлигишүүсү менен куткарылган. Ошого карабастан Бируни күжүрмөндүк менен жаңы чыгармаларды чыгарып, илимий иштерди аткарган. Анын кыйын кезеңдеги алгачкы чыгармасы, өзүнүн эскерүүлөрү менен Хорезм тургундарынын тагдыры чагылдырылган “Хорезмдин тарыхы” аттуу эмгеги жаралган. 1029-жылы Бирунинин “Жылдыздар илимин түшүнүү башаты” же болбосо жөн гана “Жылдыздар илими” атту китеби жарык көргөн. Бул китеп, суроо жооп катары жазылып, ошол доордун салты боюнча астрологиялык мүнөздү камтыш керек эле, бирок анын үчтөн бир бөлүгү астрология илимине, калган бөлүгүндө астрономикалык эсептөөлөр жана математикалык суроолор камтылган. Андан соң, Махмуд шах өзүнүн Индияга болгон чабуулуна Бирунини илим-билимдүү, көп тил билген адам катары ала барган. Жашоодогу кыйынчылыктарга карабастан, газниялык доор Бирунинин чыгармачылыгындагы эң жемиштүү доор болгон. Ошол жылдары Индияда ал өзү барган жерлердин жана көптөгөн шаарлардын географиялык координатасын аныктаган. Индия акылмандарынын илимий иштерин изилдөө натыйжасы жана индустардын жашоо-турмушу, каада-салты менен таанышуунун жыйынтыгында 1031-жылы “Акыл эс кабыл алган же танган индустарга таандык илимий ийгиликтердин түшүндүрмөсү” аттуу мыкты чыгармасы жазылып бүткөн. Аталган эмгек 80 бөлүмдөн туруп, алар индустардын жашоосунан алынган, философия, адабият, астрономия, күндөрдү, айларды жана жылдарды эсептөө ыкмасы сыяктуу көптөгөн кызыктуу фактыларды камтыйт. Ал-Бируни салыштыруу ыкмасын кеңири колдонгон: “Мен индустардын теориясын келтирүү менен бирге гректердин теориясына да, алардын бири бири менен болгон жакындыгын далилдөө үчүн токтолом” деп жазган. Ошону менен бирге ал Гомер, Платон, Аристотель, Александр Афродиизийский, Гален жана башка грек авторлорун жактаган. Индия жана ислам ойлорун салыштырган, суфийлердин окуусун индустардын теориясына, санкхья менен йогага жакын деп эсептеп, ага өзгөчө басым жасаган. Ар түркүн элдин каада-салтын салыштырууда славяндардын, тибеттердин, хазар жана түрктөрдүн жашоосунун өзгөчөлүгүн баяндаган. Султан Махмуд дүйнөдөн кайткандан кийин анын тактысын султандын уулу Масуд ээлеп, Бирунинин ырайымдуулукка бөлөгөн. Ошол жылдары “Масуддун канону” аттуу астрономия жана жылдыздар боюнча трактат жазган. Ал трактатта Орто Азия акылманы, биринчи жолу Жердин, Күндү айланып тургандыгы тууралуу оюн баяндаган. Эмгек 11 китептен туруп, Шах Масуддун урматына арналган. Анын математика, астрономия, география, минералогия, тарых, этнография, филология жана философия тармактарындагы илимий мурастары болжол менен 150 эмгекке жетет. Ал натурфилософ катары деизмди жактаган. Ар бир улуттун жыл санагын изилдеп, анын негизинде жылнама түзүүдөгү жалпы принциптерди сунуштаган. Араб, фарсы, грек, сирий, санскрит тилдерин эркин билүү акылман үчүн табигый илимий терминдерди бир тилден экинчи тилге которууга жардам берген. Арифметика, алгебра, геометрия, жана тригонометрия илимдерине кошкон Бирунинин салымы да чоң. Ал-Бирунинин араб графикасынын негизинде түзүлгөн транскрипция структурасы, индия сөздөрүн урду тилине которууда жаңы структурадан алда канча озунуп алдыга чыккан эмгеги жарык көргөн. Тилекке каршы, ал-Бирунинин замандаштары, анын кылган эмгектеринин маанилүүлүгүн баалашкан эмес – Индия араб жана перс авторлору тарабынан аз оозго алынган. Бирунинин бул эмгеги француз тилине которулуп, 1845-жылы Парижде жарыкка чыккан; 1887-жылы Лондондо Э. Захау тарабынан араб асыл нускасы жарыкка чыккан, ал эми 1888-жылы англис тилинде котормосу жарык көргөн. Орусча которулушу 1961-жылы А. Б. Халидов жана В. Г. Эрман тарабынан даярдалган. Индия боюнча изилдөө менен бирге Бируни Санкхьяны, Патанжалды араб тилине, ал эми Евклид менен Птолемейдин эмгектерин санскрит тилине которгон. 1036-1037-жылдары ал-Бируни Масуддун Канону аттуу негизги эмгегин жазып бүткөн. Птолемеевдин ааламдагы 6 принцибине, анын ичинен Жер - козголбостук принцибине таянып, жердин өзүнүн огун айланган кыймылы тууралуу бир нече эскертүү киргизген. Ал күндү башка планеталарга жана айга салыштырмалуу, жалындап нур чачып турган от шарчасы деп эсептеген. Кечки жана эртен мененки таң зардагы шооланы, Күндүн горизонтунун ар жагындагы күн нурунун чагылуусу деп билген. Геодезикалык өлчөмдөгү астрономикалык ыкмаларды тапкан. Ошол замандагы астролябия, квадрант, секстант сыяктуу негизги астроноиялык шаймандарды изилдеп тапкан. Бируни өмүрүнүн акыркы жылдарында “Медицинада колдонулган даары чөптөр” китебин жазган. Ал китеп 1116 параграфтан туруп, даары чөптөр жөнүндө терең маалымат берилген жана алардын аттары Бируни билген тилдердин баарына которулуп жазылган. Бируни 1048-жылы 11-декабрда Газни шаарында дүйнөдөн кайткан. Ал эми 1973-жылы ЮНЕСКО менен Эл аралык чыгыш даанышмандар конгрессинин чечими менен Орто Азиянын улуу даанышманы Бирунинин 1000 жылдык мааракеси белгиленген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • The Exact Sciences, E.S.Kennedy, The Cambridge History of Iran: The period from the Arab invasion to the Saljuqs, Ed. Richard Nelson Frye, (Cambridge University Press, 1999), 394.
  • Sachau, E. (1879). The chronology of ancient nations; an english version of the Arabic text of the Athâr-ul-Bâkiya of Albîrûnî, or "Vestiges of the past", (p. Vii). London: Pub. for the Oriental translation fund of Great Britain & Ireland by W.H. Allen.

In our time the word is pronounced Biruni (or Beerooni), e.g. in Teheran. but the vowel of the first syllable is majhul, which means that in more ancient times it was pronounced Beron (or Bayroon)... That the name was pronounced in this way in Central Asia about the author's time, we learn from indisputable statement regarding our author from the pen of Alsam'ani, a philologist and biographer of high repute.

  • MAcKENZIE, D. (1971). A Concise Pahlavi Dictionary (p. 18). OXFORD UNIVERSITY PRESS
  • D.J. Boilot, "Al-Biruni (Beruni), Abu'l Rayhan Muhammad b. Ahmad", in Encyclopaedia of Islam (Leiden), New Ed. , vol.1:1236-1238. Excerpt 1: "He was born of an Iranian family in 362/973 (according to al-Ghadanfar, on 3 Dhu'l-Hididja/ 4 September — see E. Sachau, Chronology, xivxvi), in the suburb (birun) of Kath, capital of Khwarizm". Excerpt 2:"was one of the greatest scholars of mediaeval Islam, and certainly the most original and profound. He was equally well versed in the mathematical, astronomic, physical and natural sciences and also distinguished himself as a geographer and historian, chronologist and linguist and as an impartial observer of customs and creeds. He is known as al-Ustdadh, "the Master".
  • Massignon, "Al-Biruni et la valuer internationale de la science arabe" in Al-Biruni Commemoration Volume, (Calcutta, 1951). pp 217-219. “In a celebrated preface to the book of Drugs, Biruni says: And if it is true that in all nations one likes to adorn oneself by using the language to which one has remained loyal, having become accustomed to using it with friends and companions according to need, I must judge for myself that in my native Chorasmian, science has as much as chance of becoming perpetuated as a camel has of facing Kaaba. ”
  • Al-Biruni (Persian scholar and scientist), Encyclopaedia Britannica:"A Persian by birth, a rationalist in disposition, this contemporary of Avicenna and Alhazen not only studied history, philosophy, and geography in depth, but wrote one of the most comprehensive of Muslim astronomical treatises, the Qanun Al-Masu'di." "al-Bīrūnī." Encyclopædia Britannica. Encyclopædia Britannica Online. Encyclopædia Britannica, 2011. Web. 16 May. 2011. <http://www.britannica.com/EBchecked/topic/66790/al-Biruni>.
  • Gotthard Strohmaier, "Biruni" in Josef W. Meri, Jere L. Bacharach, Medieval Islamic Civilization: A-K, index: Vol. 1 of Medieval Islamic Civilization: An Encyclopedia, Taylor & Francis, 2006. excerpt from page 112: "Although his native Khwarezmian was also an Iranian language, he rejected the emerging neo-Persian literature of his time (Firdawsi), preferring Arabic instead as the only adequate medium of science.";
  • Berggren, J. L.; Borwein, Jonathan; Borwein, Peter (2014). Pi: A Source Book (in English). Springer. p. 680. ISBN 978-1-4757-4217-6. The Persian polymath, al-Birüni, a younger contemporary of Abu'l-Wafa', calculated the perimeters of inscribed and ...
  • Илим тарыхы Джорж Сартен, 1357-ж. Амир Кабир, Ахмад Эрма дын котормосунда
  • Akbar S. Ahmed (1984), «Al-Beruni: The First Anthropologist" , RAIN 60
  • D.J. Boilot, "Al-Biruni (Beruni), Abu'l Rayhan Muhammad b. Ahmad", in Encyclopaedia of Islam (Leiden), New Ed. , vol.1:1236–1238. Excerpt 1: "He was born of an Iranian family in 362/973 (according to al-Ghadanfar, on 3 Dhu'l-Hididja/ 4 September — see E. Sachau, Chronology, xivxvi), in the suburb (birun) of Kath, capital of Khwarizm". Excerpt 2:"was one of the greatest scholars of mediaeval Islam, and certainly the most original and profound. He was equally well versed in the mathematical, astronomic, physical and natural sciences and also distinguished himself as a geographer and historian, chronologist and linguist and as an impartial observer of customs and creeds. He is known as al-Ustdadh, "the Master".
  • Абурейхан Бирунини 1000 жылдыгына арналган изилдөө иштери. Маданият жана искусство тармагынын жогорку совети, Маданияттар аларык изилдөөлөр. 369 жана т370 беттер.
  • Абурейхан Бирунини 1000 жылдыгына арналган изилдөө иштери. Маданият жана искусство тармагынын жогорку совети, Маданияттар аларык изилдөөлөр. 369 жана т370 беттер.372 бет.
  • Иран астрономиясынын тарыхы Карло Альфонсо Наллино, Ахма Эрамдын котормосу, “Бахман басмаканасы” 361жана 365 беттер.
  • Азар түн, периште, Абурейхан Бируни жана анын эмгектери. Кейван маданий журналы., фарвардин жана ордибехешт айлары 1385-жыл, 234-235 саны, төмөнкү сайттарда *http://www.unis.unvienna.org/unis/pressrels/2009/unisvic167.html
  • Сасаниддерден Саманиддер дооруна чейин, Махмуд кавир, 314 бет.
  • Ислам Энциклопедия борбору, 1393-жыл

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абурейхан Бируни Азизаллах Ализаде Тегеран, Фирдоуси 1390-ж. 560-бет, 978-964-320-464-8
  • Ислам дүйнөсүндөгу интеллектуалдык илимдин тарых, 1том, 282-бет.
  • Абурейхан Бирунинин фарсы поэзиясынын анализи жана кээ бир лексикалык тесттер, Исамил Хакеми, (Абурейхан Бирунинин өмүр баяны) Фарсы, Хупа 11 Абан 1378-жылы оңдолгон.
  • Википедияга салым кошуучулар, «Abu Rayhan Biruni», Англисче википедия эркин булагы. 2015-жылдын 25-декабрында оңдолгон.
  • Зарин Бабек Хагаиктин Энциклопедиясы, Бабек Рияхипур, Экинчи басма, 1380-жыл. Үмүт маданий уюму.
  • Ислам энциклопиясы, Тегеран шаары 1383-ж. 4-25-7025-964-978
  • Кавир Махмуд, Сасаниддерден Саманиддре доорун чейин, 314-бет.

Ислам Энциклопедия борбору 1393-ж.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ислам дүйнөлүк энциклопедиясы,

Бируни илим булагында Бируни эркин булактарында Бируни Ислам билим булактарында. Инсандар, адабият