Гүлжан Абылбекова

Википедия дан
Абылбекова Гүлжан‎»‎ барагынан багытталды)

Абылбекова Гүлжан Килемчи. 1946-ж. Лейлек районундагы Катраң айылында төрөлгөн.

Узчулукту өтө жаш чагынан баштаган. Абалы энеси Айжамал, анан атактуу килемчи Бүбүчач байбиче небереси Тумар менен Гүлжанды бирдей нускалаган. Гүлжандын узканасында «Ашкана көчөтүн», «машаты көчөтүн», «тайлак таман көчөтүн», «Анар көчөтүн», «сыңар моюн көчөтүн» ирээти менен бир эле аянттуу килемдин ар бирине төп, так берүү салты бар. Ушундан улам «чебер көрүү» салты менен аны айыл аралатышкан. Гүлжан жараткан, мисалы, бир эле килемде төрт «роза көчөтү» «дилбар көчөтү» менен айкалышып, жайнаган майда талаа-талаа гүлдөрү шекилденип, ал кызыл-ак түстө болушу, ага кичине чоңураак «Гүлбахар көчөтүнүн» катар түшүүсү аркылуу ойдогудай жарашык берет. Гүлжандын килем үлгүлөрү Баул, Кольцо, Тогуз-Булак, Чаар, Чалдыбар, Кулунду айылдарына кеңири тараган. Уздун Токтобай Мубарик, Мамбеткулова Алыйма, Осмонова Болотай өңдүү өнөктөш уздаңуучулары бар. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0