Бурул Абылгазиева

Википедия дан
Абылгазиева Бурул‎»‎ барагынан багытталды)

Абылгазиева Бурул Чырмакчы. 1942-ж. Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылында төрөлгөн.

Жети жылдык мектепти бүткөн. Уздун чыгармачылыгына (азыр Кара-Кужур кыштоосундагы Лакол айылы) кайын энеси Козубай келини Сыйнаттын таасири зор. Ак өргөө көтөрүүдө анын «канат чийине», «чыгдан чийине», «эшик чийине» көчөт түшүрүүнүн көркөм үлгүлөрүн салттуу нукта түшүрүүдө түрдү ала мончоктотуп, сыртын карап кабыргалатып, төрт бурчтантып берүү ыкмаларын ал мыкты өздөштүргөн. Чий чырмачылыкта сырттыктарга таандык «омуртка көчөтү» буюмдун жалпы танабын өзүнө имере келтирүүгө шартташа түшөт. Ал эшик чийдеги түшкөн көчөттөргө үндөшүп, уз кызыл-көк - эки эле түстөгү түрдүң «аламончогун» дайыма сары-актан алат. Ал өзү соккон терме көчөттөрүнө үндөшөт. Бурулдун нускоосу менен кыздары: Калыйман, Жаркын, Алтын боз үйдү жасалгалоо узчулугун ойдогудай өздөштүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0