Абылкасымов, Айтмырза

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Абылкасымов Айтмырза 1947-жылы 20-августта Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Улук айылында туулган.

Ал 1965-жылы Кербен жатак мектебин бүтүргөндөн кийин, ошол эле мектепте улуу пионер вожатый болуп иштеген. 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (Азыркы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети) филология факультетине кирип, аны 1971-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Аксы районундагы Кош-Дөбө орто мектебинде (азыркы Т. Мавлянов атындагы орто мектеп) кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштейт.1972-жылы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулуп, анда 1976-жылга чейин эмгектенет.1976-жылдан, 1993-жылга чейин Т.Мавлянов атындагы орто мектепте,1993-жылдан, 2005-жылга чейин Ж.Султанов атындагы Улук орто мектебинде директор болуп эмгектенген. 2005-жылдан Аксы райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, Т.Мавлянов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. 5 уул-кыздын атасы. Байбичеси Сатийна да мугалим.

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

"Ассалоому алейкум"- 1996, "Аксы кайрыктары"-1998 аттуу ырлар «Жолдо» - 2014 жана "Турмуш ирмемдери" - 2018 ырлар, аңгемелер, котормолор, ошондой эле "Үчтүктөр" - 2018 ырлар жыйнактарынын автору.