Абдыжалил Абышев

Википедия дан
Абышев Абдыжалил‎»‎ барагынан багытталды)

Абышев Абдыжалил 1938-жылы Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • 1957-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепти,
  • 1962-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
  • Эмгек жолун ОблОНОнун жолдомосу менен Ош районуна караштуу «ВЛКСМ» орто мектебинде иштеп баштаган.
  • 1963-1970-жылдары Сузак районуна караштуу «Фрунзе», «Кызыл-Пахтачы» мектептеринде орус тили жана адабияты боюнча мугалим,
  • 1970-1994-жылдары Сузак РайОНОдо инструктор, «Көк-Арт» орто мектебинде директордун орун басары, «Тоголок-Молдо» орто мектебинде директор, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында орус тили боюнча мугалим, Көк-Жаңгак шаарындагы №3 Токтогул атындагы орто мектепте директор,
  • 1994-жылдан бери Мичурин атындагы орто мектепте орус тили жана тарых мугалими болуп эмгектенет.
  • Көп жылдык агартуу тармагындагы эмгеги бааланып, көптөгөн ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3