Мазмунга өтүү

Авангард (троллейбус)

Википедия — ачык энциклопедия
ВМЗ-5298.01 «Авангард»

ВМЗ-5298.01-50 «Авангард» Бишкек шаарындагы №4 каттамда
Өндүрүүчү завод

Транс-Альфа

Долбоорлонгон жылы

2007-жыл

Чыгарылган жылдары

2008 — а.у.

Кепилденген иштөө мөөнөтү, жыл

15

Саны

996 даана

Жүргүнчүсү жок учурдагы салмагы, т

10,270[1]-тонна

Жабдуулары менен салмагы, т

13,140-тонна

Макс. ылдамдык, км/с

70

Сыйымдуулугу, адам
Отурган орундар

30

Жалпы сыйымдуулугу (8 адам/м²)

107

Көлөм өлчөмдөрү
Узун, мм

12 950

Туурасы, мм

2530

Бийиктиги, мм

3370

Жертаманынын ылдыйлыгы, %

0

Негизи, мм

5190

Салону
Жүргүнчүлөр үчүн эшиктердин саны

3

Эшиктеринин формуласы

2-2-2

Ички жарыктандыруу

люминесценция лампасы

Кыймылдаткычы
Түрү

ДТА-1У1, ДТА-2У1, ДТА-3У1, ДТА-6У1, ДТА-160

Кубаттуулугу, кВт

180

Башкаруу системасы

ТрСУ

Иш учурундагы чыңалуусу, В

550

ВМЗ-5298.01 «Авангард» Викиказынада

ВМЗ-5298.01 «Авангард» — 2008-жылдан бери Россиянын Вологда механикалык заводунда өндүрүлгөн, шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн чыгарлыган чоң сыйымдуулуктагы жапыз жертамандуу троллейбус.

Техникалык мүнөздөмөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул троллейбус Вологдадагы заводдо «Транс-Альфа» компаниясы чыгарган эки октуу жапыз жертамандуу троллейбус болуп саналат. ВМЗ-5298.01 троллейбус моделин өнүктүрүү жана жаңыртуу максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, троллейбустун алдыңкы жана арткы бөлүктөрү өзгөртүлгөн. Мындан тышкары, базалык моделден айырмаланып, кээ бир «Авангарддар» толугу менен жапыз жана топтомо аянтынын жанында жертамандан шыпка чейин бийик терезелер орнотулган.

Троллейбустун үч эшиги тең эки жакка ачылма. Алдыңкы эшиги дагы эки жакка ачылма, бирок алдыңкы эшиктин бир тарабын же эки тарабын тең өз алдынча ачса болот. Троллейбус майыптар коляскалары же бешик арабалар кирүү жана чыгуу үчүн атайын шаймандар менен жабдылган.

ВМЗ-5298.01 «Авангард» (№ 6936) биринчи сыноо үчүн троллейбус 2007-жылы өндүрүлүп, 2008-2018-жылдары Москвадагы каттамдарда иштеген[2]. 2011-жылы «Транс-Альфа ЭЛЕКТРО» ААК заводунда ушул моделдин кузовунун негизинде 40 км аралыка чейин автономдуу жүрүүчү троллейбус иштелип чыккан[3].

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • Сыйымдуулугу — 86 адам;
  • Жүргүнчүлөр үчүн орундардын саны — 30;
  • Жабдуулары менен салмагы — 13 140 кг;
  • Тартуучу өзгөрткүч – ИРБИ-АТ1-280У2;
  • Максималдуу ылдамдыгы – 80 км/саат;
  • Электр кыймылдаткычы – кубаттуулугу 180 кВт болгон ДТА-У1У асинхрондук кыймылдаткычы;
  • Алдыңкы огу – ZF RL75А;
  • Арткы огу – ZF AV-133;
  • Жарык – диоддук лампалар.

Модификациялары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ВМЗ-5298-0000010-01 «Авангард» троллейбусу 20 км аралыка чейин автономдуу жүрүүнчү касыздаган жабдуулар менен жабдылган (эски троллейбустарда бул көрсөткүч — 1 км)[4].

  • ВМЗ-5298.01-25 модификациясы — реостат-контактордук башкаруу системасы.
  • ВМЗ-5298.01-50 модификациясы — жертаманынын деңгээли ар кандай (арткы эшигинде тепкичтер орнотулган).
  • ВМЗ-5298.01-90 модификациясы — толугу менен жапыз жертамандуу.

2022-жылдагы рестайлинг

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабинасы өзгөртүлгөн жаңыланган модель 2022-жылдын май айында Санкт-Петербургда жыл сайын өтүүчү «SPbTransportFest 2022» эл аралык транспорт фестивалында көрсөтүлгөн[5].

Техникалык мүнөздөмөсү:

  • Толугу менен жапыз жертаманду троллейбус, автономдуу жүрүүсү 20 км чейин;
  • Сйымдуулугу — 107 жүргүнчү;
  • Жүргүнчүлөр үчүн орундардын саны — 37;
  • Кепилденген иштөө мөөнөтү — 12 жыл;
  • Электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу 107 кВт чейин;
  • Бурулуш радиусу — 11,5 м;
  • Салмагы — 10 660 - 12 150 кг;
  • Дөңгөлөк формуласы — 4х2;
  • Жылытуу тутуму жана кондиционер.

Колдонуу (эксплуатация)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ВМЗ-5298.01 «Авангард» троллейбусунун моделдерин Россиянын көптөгөн шаарларында, Приднестровьеде кездештирүүгө болот. Кыргызстандын борборунда ВМЗ-5298.01 «Авангард» троллейбустанынын 35 даанасы 2024-жылга чейин колдонулган[6], кийинчерээк бул троллейбстар Ош жана Нарын шаарларына берилген[7].

Өлкө Шаар Эксплуатациялоочу уюм (өз тилинде) Модификация Саны
 Кыргызстан Бишкек Бишкек троллейбус башкармалыгы МИ ВМЗ-5298.01 «Авангард» 35
 Орусия Абакан МП «Троллейбусное управление» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 9
Барнаул МУП Горэлектротранс ВМЗ-5298.01 «Авангард» 11
Братск МП «Братское троллейбусное управление» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 35
Брянск МУП «Брянское троллейбусное управление» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 36
Владивосток ОАО «Электрический транспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 2
Владимир ООО "Владимирпассажиртранс" ВМЗ-5298.01 «Авангард» 2
Волгоград МУП «Метроэлектротранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 56
Волгодонск МУП «ГПТ» г. Волгодонска ВМЗ-5298.01 «Авангард» 1
Вологда МУП ПАТП-1 ВМЗ-5298.01 «Авангард» 4
Екатеринбург ЕМУП «Гортранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 1
Иркутск МУП «Иркутскгортранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 14
Йошкар-Ола ГУП РМЭ «Троллейбусный транспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 5
Казань МУП «Метроэлектротранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 15
Калининград МУП «КалининградГорТранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 6
Калуга МУП «Управление Калужского троллейбуса» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 2
Ковров МУП «УТТ» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 15
Краснодар МУП «Краснодарское трамвайно-троллейбусное управление» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 22
Красноярск МП «Городской транспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 55
Киров АО «АТП» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 25
Ленинск-Кузнецкий МП «Производственное троллейбусное управление города Ленинска-Кузнецкого» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 1
Махачкала МУП «Махачкалинское троллейбусное управление» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 4
Миасс МУП «УПП МГО» (Управление пассажирских перевозок Миасского Городского Округа) ВМЗ-5298.01 «Авангард» 11
Мурманск АО «Электротранспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 65
Нижний Новгород МП «Нижегородэлектротранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 4
Новороссийск МУП «Муниципальный пассажирский транспорт Новороссийска» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 16
Оренбург МКП «Оренбургский городской пассажирский транспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 13
Орёл МУП «ТТП» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 3
Петрозаводск ПМУП «Городской транспорт» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 26
Подольск МУП «Подольский Троллейбус» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 3
Рыбинск АО «Рыбинскэлектротранс ВМЗ-5298.01 «Авангард» 45
Рубцовск МУТП Рубцовска ВМЗ-5298.01 «Авангард» 2
Рязань МУП «УРТ» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 12
Санкт-Петербург ГУП «Горэлектротранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 314
Таганрог МУП «ТТУ» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 1
Тамбов МУП «Тамбовгортранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 8
Химки МУП «Химкиэлектротранс» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 2
Чита МП ТУ г. Читы ВМЗ-5298.01 "Авангард" 55
Тула МКП «ТГЭТ» ВМЗ-5298.01 2
Ярославль АО «ЯрГЭТ» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 13
 Украина /  Орусия Керчь МУП МОГОК «Керчьтроллейбус» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 7
Крым ГУП РК «Крымтроллейбус» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 26
Севастополь ГУП «СевЭлектроАвтоТранс им. А.С. Круподёрова» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 100
 Приднестров Молдова Республикасы Тирасполь МУП «ТТУ» ВМЗ-5298.01 «Авангард»
Бендеры МУП «БТУ» ВМЗ-5298.01 «Авангард» 5[8]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]