Авача жанар тоосу

Википедия дан
Авача жанар тоосу.

Авача жанар тоосу - Камчатканын түштүк чыгышындагы аракеттеги жанар тоо. Бийиктиги 2741 м. «Жанар тоодогу жанар тоо» тибине кирет. Андезиттүү жана базальттуу лава, туф жана шлактан турат. Көп жолу атылган (акыркы жолу 1945-ж.). Капталдарында ташка өсчү кайың токою, жапалак балкарагай кездешет. Ага жакын жерге вулканология илимий станциясы иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Калып:Volcano-stub Калып:RU-geo-stub