Авичи
Тим Берглинг (англ. Tim Bergling, шведче айтылышы: [tɪm ˈbærjˈlɪŋ], сахнада Avicii (/əˈviːtʃi/, ə-VEE-chee; швед тилинде айтылышы: [aˈvɪtɕɪ], ΛVICII жана ◢ ◤ катары стилдештирилген) аты менен таанымал, 1989-жылы 8-сентябрь) - швед дижейи, ремикс жасоочу жана музыкалык продюсер.
Берглинг 2012-2013-жылдары DJ Mag журналында үчүнчү орунду ээлеген, ошондой эле "Грэмми" сыйлыгына эки жолу татыган: 2012-жылы Дэвид Гетта менен биргелешкен "Sunshine" (кырг. "Күндүн жарыгы") ырына, 2013-жылы "Levels" (кырг. "Баскычтар") чыгармасына. Авичинин эң таанымал болгон ырлары: "I Could Be the One" (кырг. "Мен бирөө боло алам") (Ники Ромеро менен), "Wake Me Up" (кырг. "Мени ойгот"), "You Make Me" (кырг. "Мени аргасыз калтырасың"), "X You" (кырг. "Икс-сен"), "Hey Brother" (кырг. "Эй, жердеш"), "Addicted to You" (кырг. "Сага көз каранды болдум"), "The Days" (кырг. "Ошол күндөр"), "The Nights" ("Ошол түндөр"), "Levels" (кырг. "Баскычтар") жана "Waiting for Love" (кырг. "Сүйүүнү күтүүдө"). 2013-жылы "True" (кырг. "Чыңчыл") аттуу алгач студиялык альбомун жаздырган. Жалпысынан альбом музыкалык сынчылардын тарабынан жактырылган жана он беш өлкө ичинде эң мыктылардын биринчи ондугунда орун алып Австралия, Швеция, Дания жана АКШнын эң мыктылардын тизмесинде биринчи орундарды ээлеген. 2015-жылы Берглинг "Stories" (кырг. "Окуялар") аттуу экинчи студиялык альбомун чыгарган.