Амедео Авогадро

Википедия дан
Авогадро, Амедео‎»‎ барагынан багытталды)
Авогадро, Амедео

Авогадро Амедео (9.8.1776, Турин 9.7.1856, ошол эле жерде) италиялык физик жана химик. Алгач юридикалык билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Турин ИАнын корреспондент мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору. 1806-19-ж. Турин университетинин лицейинде физика мугалими, 1820-22ж-а 1834-50-ж. профессор. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-химиялык теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук жана башка) арналган. 1811-ж. заттардын түзүлүшү жөнүндөгү молекулярдык божомолду, атом жана молекулярдык массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (Авогадро закону), 1 моль идеалдык газдын молекулярдык саны, универсалдуу турактуулук Авогардонун аты менен аталган (Авогадро саны). Авогардо 4 томдук физикалык-химиянын элементтерин камтыган молекулярдык физика китебинин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1