Австрия

Wikipedia дан

Австрия Республикасы
Republik Österreich

Flag of Austria.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
EU-Austria.svg
Эгемендүүлүк күнү 17-октябр 1918-жыл
Расмий тили немец тили;
аймактык тилдер:,
градищан-хорват тили,
мажарча (Бургенланд)
Борбор шаары Вена
Ири шаарлар Вена, Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук
Башкаруу формасы Парламенттик
республика
' Хайнц Фишер
Вернер Файман
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
112 - дүйнөдө
83 871 км²
1,7%
Калкы
• Бааланган (2005)
Жыштыгы

8 404 252 адам (92)
100 ад./км²
ISO коду AT
ЭОК коду AUT
Австрия

Австрия (Österreich), Австрия Республикасы (Republik Österreich) — Борбордук Европадагы мамлекет. Дунай дарыясынын алабында жайгашкан. Түндүгүнөн Германия, чыгышынан Венгрия, түштүгүнөн Словения жана Италия, батышынан Швейцария жана Лихтенштейн менен чектешет. Аянты 83,9 миң км2. Калкы 8,4 млн (2005). Борбору Вена шаары. Акча бирдиги евро (2002-ж. чейин Австрия шиллинги).

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Австрия федерациялык республика. 9 административдик-аймактык бирдикке (жер) бөлүнөт (Вена шаары административдик-аймактык бирдик катары эсептелет). Мамлекеттик башчысы президент. 6 жылга шайланат (бир гана жолу кайра бийлигинин шайланууга акылуу). Мыйзам чыгаруу жогорку органы эки палаталуу (Улуттук Кеңештен 4 жылга шайланган 183 депутат жана Федералдык Кеңештен лантаг тарабынан шайланган 64 депутат) парламент. Аткаруу бийлигин канцлер, вице-канцлер жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактын (жердин) өзүнүн конституциясы жана калк тарабынан шайланган өз парламенти ландтагы бар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аймагы тоолуу келип, анын 3/4 бөлүгүнө жакынын Чыгыш Альп тоолору (эң бийик жери Гросглокнер чокусу, 3797 м) жана анын этек тоолору ээлейт. Бири-бирине жарыш жаткан Түндүк Акиташтуу, Борбордук Кристаллдуу жана Түштүк Акиташтуу Альп тоолоруна бөлүнөт. Калган бөлүгүн Ортоңку Дунайдагы түздүк, ойдуңдар (Штирия-Бургенланд ойдуңу, Вена массиви), түндүгүнөн Чех массивинин түштүк бөлүгү кирип турат. Темир рудалары, нефть, газ, алюминий, күрөң көмүр, магнезит жана башка кендери бар. Климаты мелүүн континенттик, батышы нымдуу, кышы жумшак, жайы салкын. Январдын орточо температурасы -1 -4°С, июлдуку 15-18°С. Жылдык жаан-чачыны 500-900 мм, тоолорунда 15002000 мм. Түндүк-батыш айдарым капталдарында жаан-чачын арбын жаайт. Тоолуу аймагында бийиктик алкактуулук даана байкалат. Суу кар тез-тез жаайт; 7-8 ай кар жатат. Мөңгүнүн аянты 5 км2ден ашык. Суулары Дунай жана Рейн дарыясынын алабына кирет. Австриянын аймагында Дунай дарыясы 350 кмге созулуп агат. Куймалары: Инн, Энс, Лайта, Раб, Драва жана Морава. Тоо дарыялары тик түшүп, шар агып, энергия ресурска бай. Жайында ташкындап, кышында тартылат. Австрияда 580ге жакын көл бар, алар негизинен мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Ирилери: Боден (Австриянын Германия, Швейцария менен чегарасында), Нойзидлер-Зе (Венгрия менен чегарасында). Нойзидлерзе-Зевинкель, Карвендельбирге жана башка коруктары бар. Чымдак-күл, боз токой топурагы, түштүк-чыгышында күлдөшкөн кара топурак, тоолорунда күлдөшкөн боз тоо топурагы өөрчүгөн. Аймагынын 44%ин токой ээлейт, ал улуттук негизги байлыктарынын бири. 600-800 м бийиктикке чейин айдоо жерлер менен кошо жазы жалбырактуу (эмен, бук, акчечек) токой массивдери ээлейт. 1400-1800 м бийиктиктердеги ийне-жазы жалбырактуу токой, андан жогору тоо кызыл карагайы, жапалак балкарагай менен алмашат. 2000 мден жогору жыш өскөн альп шалбаасы, 2700-3000 мге чейин шалбаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 90%и австриялыктар. Андан тышкары словен, хорват, чех, венгр, серб, цыгандар, ошондой эле немистер, италяндар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаар калкы 77% (2005). Калкынын көбү христиандар (83%), анын ичинде католиктер 76%, протестанттар 5%ке жакын, православиелер 2%; мусулмандар 2,3%, иудейлер 0,1%. Мамлекеттик тили немис тили. Калктын табигый өсүү динамикасы төмөн. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники -73, аялдарыныкы -79 жаш. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 100 киши. Негизинен Дунай жана Рейн дарыясынын өрөөндөрүндө, Штрия менен Бургенланд түздүктөрүндө отурукташкан. Ири шаарлары: Вена, Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук.

Тарыхый очерки[оңдоо | булагын оңдоо]

Австриянын аймагын адамдар палеолит доорунда эле мекендешкендиги белгилүү (Штириядагы Миксний, төмөнкү Австриягы Виллендорф турак жайлары). Эрте темир дооруна таандык Гальштаур археологиялык маданиятынын эстеликтери кеңири изилденген. Кельттердин басып кирүүсү менен (биздин заманга чейин 500-400-ж.) жергиликтүү иллирия уруулары алардын курамына кирген. Биздин заманга чейин 2-кылымда Австриянын көпчүлүк аймагы жаңы түзүлгөн Норик королдугунун курамына кирген, түндүк облустарын римдиктер тарабынан Италиядан куулган бойа уруулары ээлешет. Көпчүлүк иллирия уруулары Чыгыш Альпыда өзүлөрүнүн маданий өзгөчөлүгүн узак убакытка сакташкан. Биздин заманга чейин 1-кылымдын ортосунда бойалардын уруулары талкалашкан, ал эми биздин заманга чейин 8-кылымда бул аймакты маркомандар ээлешкен. Биздин заманга чейин 16-9-кылымдын аралыгында Австриянын Дунайдан Түштүккө карай жайгашкан аймактары римдиктер тарабынан каратылып, кийинчерээк римдик Норик, Реция жана Паннония провинцияларынын курамына кирген. Элдердин Улуу көчүүсү мезгилинде Австриянын аймагына көптөгөн уруулар басып кирген. 6-кылымдын экинчи жарымында Батыш Австрияда герман уруулары (негизинен баварлар), борбордук жана Чыгыш бөлүгүндө славяндар (негизинен словендер) отурукташкан. 788-ж. Карл I Баварияны Франк королдугуна бириктирип, анын натыйжасында франктардын таасири славяндар жашаган Каринтияга да таралат. Франк мамлекети түш.чыгышта Паннониядагы, Авар каганаты менен чектешип, каганат кыйрагандан соң, 8-9-кылымдын башында чыгыш чегарасын бекемдөө үчүн Паннония же Чыгыш маркасы түзүлгөн. 843-ж. Карл I империясы бөлүнгөн соң Австрия Бавариянын курамында Чыгыш Франк (10-кылымдан Германия) королдугуна кошулган. 10-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Австрияны венгрлер басып алат. 955-ж. герман королу Оттон I (962-жылдан император) Лех дарыясынын жээгинде көчмөн-венгрлерди талкалайт, Австриянын аймагында бавардык Чыгыш маркасы түзүлөт, кийин ал маркграфтык деп атала баштайт. 976жылдан мында Бабенбергдер динстиясынын бийлиги орнотулат. 1156-ж. Австрия маркграфтыгы өз алдынча графтык болуп түзүлүп, Бавариядан толук бөлүнөт. 996-ж. таандык жазма булактарда аймак алгачкы жолу Австрия (Ostarrichi, азыркы Österreich), башкача айткан Чыгыш облусу деп аталгандыгы белгилүү. Бабенбергдер династиясынын бийлиги токтогондон (1246) кийин, австриялык аймактар чех королу Приемысл II ээлигине өтөт. 1276-78-ж. герман королу Рудольф I Габсбург Австриянын аймагын ээлеп, 1282-ж. Австрияны жана Штирияны уулдары Альберт менен Рудольфко башкарууга берет. Австрияда ушундан тарта Габсбургдар династиясынын бийлиги орнойт (1918-ж. чейин). 16-кылымда Түштүк-Чыгыш Европага Осмон империясы (Түркиянын) чабуул коюп турган мезгилде Габсбургдар Чехияны, Силезияны, Венгриянын бир бөлүгүн (толугу менен 17-кылымдын аягында), түштүк славян жерлеринин бир бөлүгүн ээлеп алган. Габсбургдардын көп улуттуу империясы куралып, Австрия анын саясий борбору болуп калган. 18-кылымда Габсбургдар Түштүк Нидерландыны, Италиянын көп жерин жана Польша менен батыш Украинанын бир кыйла бөлүгүн басып алган. 18-кылымдын ортосунда Германияда үстөмдүк кылуу үчүн Австрия менен Пруссиянын ортосундагы тирешүү күчөйт. Австриялык мурас үчүн болгон согушта (1740-48) Мария Терезия жеңип чыккан. 1756-62-ж. Жети жылдык согуштун жүрүшүндө Габсбургдардын Пруссиядан Силезияны кайтарып алуу аракети ийгиликсиз аяктаган. 18-кылымдын аягы 19-кылымдын башында Австрия наполеондук Франция менен болгон согуштарга катышып, бирок жеңилип калган. 1859-ж. Италия жана Франция, 1866-ж. Пруссия жана Италия менен болгон согуштарда Австрия Италиядагы ээлеген жерлеринен жана герман мамлекеттериндеги таасиринен ажырайт. Австрия империясында кризис күчөп, Австрия 1867-ж. дуалисттик, экилтик монархия Австрия-Венгрия деген аталыш менен кайра түзүлгөн. 1879-ж. Австрия, Венгрия, Германия м-н бирдикте Россияга жана Францияга каршы союз түзгөн. 1914-ж. 15 (28) июнда Сараеводо сербиялык улутчулдар тарабынан Австрия-Венгрия тактысынын мурасчысы Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшү Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына шылтоо болгон. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) Австрия-Венгрия Германиянын негизги союздашы катары катышкан. 1918-ж. октябрь-ноябрда Габсбургдар монархиясында буржуазиялык революциянын жеңип чыгышы менен Австрия-Венгрия империясы кулап, көз карандысыз, өз алдынча Австрия, Венгрия, Чехословакия мамлекеттери түзүлүп, 1918-ж. 12-ноябрда Австрия Республика болуп жарыяланган. 1919-ж. 10-сентябрда Австрия менен Антанта державаларынын ортосунда Сен-Жермен тынчтык келишимине кол коюлуп, мамлекеттин чегарасы такталган. Өлкө 7 округга бөлүнүп Австрия аталышы Чыгыш маркасы болуп өзгөртүлгөн. 1942-жылдан Альпы менен Дунай округдары деп аталып, Австрияда фашисттик оккупациялык режим орнотулган. Бардык саясий партияларга тыюу салынган. 1938-ж. мартта Германия Австрияны басып алып, 2-дүйнөлүк согушта ал Германия тарабында согушкан. 1945-ж. жазында Австрияга СССР, АКШ, Англия жана Франциянын аскерлери кирип, басып алынган өлкөнүн аймагы 4 зонага бөлүнгөн. 1955-ж. 15-майда СССРдин, АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын жана Австриянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көз каранды эмес жана демократиялык Австрияны калыбына келтирүү жөнүндө Мамлекеттик келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, басып алынган аскерлерди Австриядан чыгарып кетүү 1955-ж. 25-октябрда аяктаган. 1955-ж. 26-октябрда Австриянын парламенти өлкөнүн бейтараптагы, анын согуштук союздарга кошулбоосу жана анын аймакка чет өлкөлүк согуш базаларынын түзүлүшүнө жол берилбөөсү жөнүндө мыйзам кабыл алган. 1955-ж. декабрдан Австрия БУУнун, 1995-жылдан Европа Союзунун мүчөсү.

Чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Австрия Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн өлкө. Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 22,1 миң доллардан (АКШ) туура келип, дүйнөдөгү эң бай 15 өлкөнүн катарына кирет. Экономиканын өнүгүшүндө чет элдик туристтерди (жылына 18,6 млндон ашык; 2003) тейлөөнүн мааниси чоң. Өнөр жай продукциясынын 20%тен ашыгын (металлургия, тоокен, энергетика) мамлекеттик сектор өндүрөт. Өнөр жайы оор индустриянын негизинде тез темп менен өнүгүүдө. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча Батыш Европадагы 10 өлкөнүн катарына кирет. Тоокен казуу өнөр жайы кен байлыктардын негизинде иштейт. Темир (Эйзенэрц), коргошун, цинк (Блейберг руднигинде), жез (3 альцбург), графит (Штирия), аш тузу (3 альцкаммергут, Бад-Ауесе, Бад-Ишль, Жогорку Альп аймагында), нефть (жылына 1 млрд м3), жаратылыш газы (1,5 млрд м3) казылып алынат. Көптөгөн өнөр жай фирмаларынын өндүргөн өндүрүмдөрү чет элдик керектөөлөрдү канааттандырат. Өнүккөн өнөр жай тармактары: машина куруу, кара металлургия (34 млн о чоюн, 4-5 млн о болот, 4 млн ога жакын прокат), күкүм металлургиясы (90%и экспортко кетет), түстүү металлургия, технологиялык жабдуулар, элекртехника, радиоэлектроника (аудио-видеотехника, телевизор, компакт-диск), машина куруу (Штайр, автокыймылдаткычтар «БМВ», «ВМ»; Асперн, «Опель-Аустриа»; мотоцикл, велосипед), нефть ажыратуу (Швехат, жылына 10 млн о), химия (Линц жерсемирткич, меламин, мочевина, полиэтилен), жыгаччылык, кагаз. Негизги өнөр жай борборлору: Вена (электровоз, локомотив, өзү жүрүүчү көтөргүч крандар), Грац (пассажир, товар вагондору), Енбах (тепловоз, дизель мотору, вагондор). Ошондой эле курал-жарак чыгаруучу (Штайр аскердик оор техникалар, ок атчу курал-жарак, Хиртенберг курал-жарак, ок-дары) өнөр жайы да өнүккөн. Гидроэнергия ресурстарына бай тоо дарыяларында көптөгөн ГЭСтер курулуп, алар өлкөнүн энергияга болгон керектөөсүн толугу менен канааттандырат. 2003-ж. 58,8 млрд кВт электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (киши башына жылына 7 миң кВт) турат. Украинанын Чернобыль АЭСиндеги апааттан кийин (1986) атом энергиясын пайдаланууга тыюу салынган. Өлкөнүн аймагынын 40%ин айыл чарбага жарактуу жер ээлейт. Айыл чарбага жарактуу жердин 1,5 млн гасы айдоо аянты, бакчылык, жүзүмчүлүк, 1,9 млн гасы шалбаа жана жайыт, 22%ин альп шалбаасы. Айыл чарбасында сүт жана эт багытында мал чарбасы (айыл чарба азык-түлүгүнүн 2/3 си) өнүккөн. Бодо мал, чочко, кой асыралып, үй куштары багылат. Буудай, арпа, сулу, кант кызылча, жүгөрү, кара буудай, тоют өсүмдөктөрү айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн, жемиш бактары көп. Өлкөнүн жүк ташуусу негизинен куур жана деңиз транспорту аркылуу жүргүзүлөт. Башкы темир жол түйүндөрү: Вена, Линц, Грац, Филл. Темиржолунун узундугу 6 миң км (анын 3,5 миң кми электрлештирилген). Альпыда 10 тешкен тоо (ар биринин узундугу 1 кмден кем эмес; эң узуну Альберг 14 км) курулган. Автомобиль жолунун мааниси (узундугу 41 миң км) да чоң. Дунайда кеме жүрөт. Негизги порттору: Линц, Вена. Эл аралык 6 аэропорту (ириси Вена-Швехат), «Аустриан Эйрлайнз» ири авиакомпаниясы бар. Машина, машина жабдуулары, жеңил автомобилдер жана аларга тетиктер, химия продукциялары, текстиль, бут кийим, азык-түлүктөр, электртехника буюмдар, дарыя кемелери, целлюлоза, алюминий, азот жер семирткичи, жасалма була, магнезит, электр энергиясы экспорттолот. Негизги сырткы соода шериктери: Германия, Италия, Франция, АКШ, Швейцария, Венгрия, Россия.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Австриянын билим берүүсүнө Билим, илим жана маданият федерация министрлиги жетекчилик кылат. Австриянын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, мектептер, кесиптик мектептерди жана ЖОЖду камтыйт. 1972-2001-ж. университеттер мамлекеттин эсебинде болуп, окутуу акысыз болгон. 2002-жылдан акы төлөп окутуу киргизилген жана учурда 28 университеттин алтоосу жеке менчик. Австрияда Вена, Грац, Зальцбург, Инсбург университеттери, ошондой эле Вена жана Грацдагы техникалык университет, Венадагы экономикалык университети, Австрия ИАсы, илимий коомдор, улуттук китепкана, көркөм-тарых музейи жана башкалар бар. Өлкөдө коомдук-саясий «Кляйне цайтунг», «Оберэстеррайхише нахрихтен», «Прессе», «Штандарт» жана башка гезиттер, «Ньюс», «Профиль» журналдары, ошондой эле «Эстеррайхишер рундфунк» аттуу эң ири коомдук-укуктук телерадиокомпаниясы белгилүү. Австрия аймагында пайда болгон «Христтин өмүрү», «Антихрист», «Кыямат кайым», «Өлүм тууралуу эскертүү» жана башка адабий эстеликтер 12-кылымга таандык. Ал эми ошол доордо өтө белгилүү болгон «Нибелунгдар жөнүндөгү ыр», «Нибелунгду жоктоо», «Кудрун» эпостук-баатырдык поэмалары 12-13-кылымдардын чегинде жаралган. Венада рыцардык маданияттын өнүгүшү менен миннезингерлердин (Рейнмар фон Хагенау, Вальтер фон дер Фогельвейде, Ульрих фон Лихтенштейн) чыгармачылыгы өркүндөгөн. 13-кылымда шаарлардын көбөйүшү менен бюргердик адабият, анын негизги жанры шванк (Штриккердин «Поп Амис» жыйнагы) өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда 15-кылымдын 2-жарымында Вена университетинде Цельтистин жетекчилиги алдында уюшулган окумуштуулар менен акындардын ийрими австриялык гуманизмдин борбору болуп калган. 15-16-кылымда элдик комедия, 16-кылымдын аяк ченинде иезуиттик драма жанры пайда болот. Өлкөдө агартуу идеясы 18-кылымдын ортосунан тарай баштаган. Акын А. Блумауэр ишенич менен илимдин ортосундагы келишпестиктер тууралуу «Эней баатырдын жоруктары» поэмасын, «Эрвин фон Штейнгейм» драмасын жараткан. 1918-45-ж. адабияттагы көрүнүктүү орун публицист жана сатирик К. Крауска тиешелүү. Фашисттик Германия Австрияны басып алгандан кийин андагы маданияттын алдыңкы өкүлдөрү мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон. Эмиграцияда жүрүп, Й. Рот, Р. Музиль, С. Цвейг, Ф. Верфель, Й. Луитпольд фашизмге каршы публицистикалык чыгармаларын жазышкан. 1950-ж. Х. фон Додерер, Г. Фрич, Х. Цанданын романдарында согуштун залдары чагылдырылган. Х. Леберттин романдары, Ф. Хохвельдердин драмалары антифашисттик өңүттө жазылган. 1958-ж. адабият тармагында «Вена тобу» (Х. Нич, О. Мюль, К. Бремер жана башка), «Грацев тобу» (П. Хандке, Б. Фришмут, Э. Елинек) түзүлүп, жаш жазуучуларды бириктирген. Учурда Н. Гштрайн, Р. Кнапп, Д. Кельман, Э. Елинек (Нобель сыйлыгынын ээси) сыяктуу таланттуу жазуучулар өсүп чыкты. Австриянын аймагында байыркы Рим маданиятынын жана роман менен готика стилиндеги эстеликтер сакталып калган. Кайра жаралуу доорунун мадтына шаардык имараттар, аксарайлар, А. Пильграманын айкелдери, В. Хубердин живописи кирет. Австрия искусствосунун өнүгүшү Барокко доору менен (ошол мезгилде өзгөчө кооздолгон имараттар, чиркөө жана башка) байланыштуу. Мисалы, архитектор И. Б. Фишер фон Эрлах менен Й. Э. Фишер фон Эрлах Венадагы ыйык Карл Борромей чиркөөсүн, Л. Хильденбранд Бельведер аксарай ансамблин курушкан. 19-кылымдын 1-жарымында архитектурада классицизм стили, живописте романтика өкүм сүргөн. 19-20-кылымдын ортосунда «модерн стили» (архитекторлор Й. Ольбрих, 0. Вагнер, Й. Хофман, живописчи Б. Климт) пайда болот. Живопись менен графикада экспрессия менен фантастика (Э. Шиле, 0. Кокошка, А. Кубин), скульптурада абстракционизм өнүгөт. Учурда австриялык көрүнүктүү архитекторлор Х. Холляйн, В. Хольцбауэр, Г. Пайхл тарабынан курулган имараттар Европанын көп өлкөлөрүнө белгилүү. Австрия музыкасына андагы калктын ар түрдүүлүгү, алардын маданияты менен каада-салттары, ошондой эле Германия жана Италиянын музыка өнөрү түздөн-түз таасирин тийгизген. 8-12-кылымда монастырлар музыкалык маданияттын борбору катары эсептелген. 15-кылымда Вена, Инсбрукта сарай капеллалары пайда болгон. 17-18-кылымдарда Венада чиркөө музыкасын, ораториялык чыгармаларды, операларды жараткан италиялык мектептин белгилүү композиторлору А. Чести, Н. Порпора, А. Сальери жашап, эмгектенген. 17-кылымдын ортосунда Венада опералык театр, 1741-ж. «Бургтеатр» курулуп, Вена опералык искусствонун борборунун бирине айланат. 18-кылымдын орто ченинде Г. Муффат, Г. К. Вагензейль, М. Монн жана башкалар негиздеген «эски» Вена мектеби, 18-кылымдын 2-жарымында немец композиторлору Й. Гайдн, В. Моцарт, Л. Бетховен негиздеген Вена классикалык мектеби түзүлгөн. 18-кылымдын 1-жарымында Австриялык музыкада романтизм багытынын баштоочусу Ф. Шуберт болгон. 19-кылымда Австрия вальс бийинин мекени аталган. Бул жанрдын негиздөөчүлөрү Й. Ланнер жана ата-бала Штраустар болгон. 19-кылымдын аяк ченинде вена опереттасы жаралган. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ф. Зуппе, И. Штраус, И. Кальман жана башкалар.

Музыка[оңдоо | булагын оңдоо]

19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында симфониялык музыканын новатору Г. Малер тарабынан классикалык музыканын тарыхында симфония дагы бийиктеген. 1938-ж. Австриянын фашисттик Германияга бириктирилиши менен көпчүлүк музыканттар эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. Дүйнөлүк музыка искусствосунун өнүгүшүнө композиторлор: А. Шернберг, А. Берг, А. фон Веберн, Э. Веллес, Х. Э. Апостель, оперетта авторлору: Р. Штольц, Н. Досталь, австриялык музыка изилдөөчүлөр: Э. Веллес, Э. Шенк, О. Э. Дойч, дирижерлор: Ф. Штидри, К. Бем, К. Краус жана башкалар, пианисттер: А. Шнабель, П. Бадура-Скода, Ф. Гульда жана башкалар, ырчылар: Р. Таубер, Х. Гюден, И. Зифрид, Л. Величтер, учурдагы белгилүү композиторлор: Р. Хаубеншток-Рамати, Ф. Церка зор салым кошту. Венада «Театер ан дер Вин» (1801), Вена мамлекеттик операсы (1918), Вена филармониялык оркестри (1842), «Фольксопер» театры (1898), Музыка жана сахна өнөрү университети, «Моцартеум» университети жана башкалар бар. Вена, Зальцбургда, Брегенц шаарында эл аралык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүү салтка айланган.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

«Бургтеатр» Австриянын эң көрүнүктүү театры. Театр 1741-ж. негизделген, анда белгилүү актерлор М. Корн, С. Шредер, Г. Аншюц жана башкалар көп эмгек сиңиришкен. Бул театрда Вена опереттасы жаралган жана дүйнөгө атагы тараган. 1920-жылдан Вена, Грац, Зальцбург, Инсбрук, Линц шаарында жыл сайын эларалык театр фестивалдары, форумдар өтүп турат.

Кино[оңдоо | булагын оңдоо]

Австрияда алгачкы кинофильм «Баскычтан баскычка» (реж. Х. Ханус) 1908-ж. тартылган. 1920-25-ж. киноискусствосу бир топ жогорулап, «Принц жана кайырчы» (1920, реж. А. Корда), «Содом жана Гоморра» (1922, реж. М. Кертиц) жана башка 70тей фильм тартылган. 20-жылдардан кийин чет өлкөлүк фильмдерди алып келүүнүн көбөйүшү киноөндүрүшүнүн начарлашына, ал эми Австриянын фашисттик Германиянын курамына бириктирилиши менен биротоло токтоп, 1945жылдан соң гана калыбына келген. 1955-ж. Киноархив, 1964-ж. Киномузей түзүлгөн. Учурда П. Вессели, М. Андергаст, Т. Линген, Х. Мозер, Максимилиан жана Мария Шелл, Р. Шнайдер, К. М. Брандауэр, О. В. Фишер сыяктуу актерлору белгилүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1