Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым)

Википедия дан

Австрия-Түркия согуштары (16-18-кылым) - 16-кылымдын 20-жылдарынан негизинен Балкан жарым аралынын түндүк бөлүгү жана Венгрия королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн. 1521-ж. түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны Мохач салгылашында талкалайт (29-август 1526). 1532-1533, 1540-1547, 1551-1562, 1566-1568, 1660-1664-ж. Австрия-Түркия согуштарынын жыйынтыгы Австрия менен Осмон империясы Венгрия королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683-1699-ж. согуш Осмон империясынын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Речь Посполита, Венеция, 1686-ж. Орус падышалыгы) аскерлеринен жеңилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соң түрктөр Борбордук Европадан чегинген. 1737-1739, 1788-1790-ж. Австрия-Түркия жана 1735-1739, 1787-1791-ж. орус-түрк согуштарында Орусия тарапта катышкан Австрия жеңилип калган соң, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1