Автобекет

Википедия дан

Автобекет - жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жана жүк ташуучу унаалар менен камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу автобекет болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр автобекети шаар аралык жана шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму. Жүргүнчүлөр автобекети чакан шаарларда жана райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу автобекети жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар менен өнөр жай борборунан сыртка кеткен жолдордун чыга беришине, темир жол станциясына (бекетине), деңиз жана дарыя портторуна жакын курулат. Жүк ташуучу автобекетинин негизги милдети жүктү өз убагында ташып жеткирүү; транспорттук-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдин жүрүү графиктеринин орундалышын текшерүү жана жүк жөнөтүүчүлөр менен эсептешүү. Кыргызстандын бардык райондорунун борборлорунда жана шаарларында жүргүнчүлөр автобекети, ири райондордо жүк ташуучу автобекети бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1