Автоматташтырылган башкаруу системасы (АБС)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Автоматташтырылган башкаруу системасы (АБС) - башкарылуучу объект менен автоматтык өлчөөчү жана башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Техникалык куралдардан түзүлгөн башкаруу системасынын бир түрү. Анда техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу менен башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол жана акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу системасынан айырмаланып, бул системада жалаң техникалык каражаттар менен толук автоматташтыруу жүргүзүлбөйт. Бул системада кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) жана башка тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, башкача айтканда адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат. Коюлган максат, маселелерге карата ал технологиялык процесстерди, долбоорлоо иштерин АБСны болуп айырмаланат. АБСны түзүүдө математикалык, программалык, техникалык каражаттар жана уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1