Автомобиль кыймылдаткычы

Википедия дан

Автомобиль кыймылдаткычы - автомобилди кыймылга келтирүүчү механикалык энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч. Автомобиль үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычы колдонулат. Анын көпчүлүгү ичинен күймө бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси боюнча 4 жана 2 такттуу, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Автомобиль кыймылдаткычы цилиндринин саны жа жайгашышы (катарлаш, V түрүндө жана башка), клапанынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндринин жумуш аткаруу көлөмү (литражы), муздатуу түрү (суу, антифриз же аба менен), аткарган кызматы жана ушундай сыяктуулар боюнча айырмаланат. Азыркы 4 такттуу автомобиль кыймылдаткычы цилиндрдин блогунан (картери мн) жана бөркүнөн, бышкектен, тээктен (шатундан), муунактуу валдан, күүлөнтүүчү дөңгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан жана башкалардан турат. Цилиндринин саны канча көп болсо, кыймылдаткыч ошончо бир калыпта иштейт. Кыймылдаткычтар: радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартер жана башкалар менен жабдылат. Жеңил жана көлөмү кичине аккумуляторду түзүү шаар ичинде жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычты электр кыймылдаткычы менен алмаштырууга да мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1