Автоморфтуу топурак

Википедия дан

Автоморфтуу топурак — физика-химиялык кубулуштардын таасиринен ар түрдүү тоотектердин үбөлөнүп, күкүмдөлүшүнөн пайда болгон топурак. Алар негизинен кургак климаттык шартта өөрчүп, өрөөндөрдө, бөксөтоо жана субальп, альп алкактарында таралган. Ага күл, кара, күрөң, кара күрөң токой, коңур, боз, ошондой эле субальп, альп жана башка типтеги топурактар кирет. Автоморфтуу топурак жер бетинин басымдуу бөлүгүн ээлейт. Кыргызстандын бардык аймагында кездешет. Автоморфтуу топурак башка топурак түрлөрү сыяктуу деградацияга алып келүүчү коркунучтуу факторлорго — эрозия, кыртыш түзүлүшүнүн бузулушу, шорлонуу, чириндилүүлүгүнүн төмөндөшү жана кыртышынын булгануусуна дуушар болот. Ошондуктан, бул топуракты эрозиядан жана башка бузулуудан сактоо, күрдүүлүгүн жогорлатуу талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1