Автордук кеп

Википедия дан

Автордук кеп - чыгармадагы каармандардын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин жана шартын сүрөттөгөн автордун баяндоосу. Автордук кеп каармандын мүнөзүн терең ачуу максатында келтирилет да, негизинен окуянын өнүгүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча карасөздө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1