Автотрофтор

Википедия дан
Автотрофтуу организмдер‎»‎ барагынан багытталды)
Кара тамекичи - хемотроф.

Автотрофтуу организмдер, автотрофтор (авто жана гр. trophe— тамак) — тиричилик үчүн зарыл болгон органикалык заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдердин эки түрү белгилүү: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр.

Фотосинтездөөчүлөр жө фототрофтуу организмдер органикалык эмес заттардан (көмүр кычкыл газынан жана суудан) органикалык заттарды түзүүдө күндүн нурунун энергиясын пайдаланышат. Күндүн энергиясын пайдаланып, органикалык заттарды синтездеө процесси фотосинтездөөчүлөрдүн клеткаларында гана учуроочу хлорофилл пигментинин катышуусу менен ишке ашат.
Фотосинтездөөчүлөргө татаал тузулуштуу өсүмдүктөр (мите жана сапрофиттерден башкасы), балырлар жана түстүү бактериялар кирет.

Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер органикалык заттарды синтездөөдө химиялык реакцияларда бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланат (к. Хемосинтез). Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу темир, күкүрт бактериялары, нитрификациялоочу жана азот топтогуч бактериялар кирет. Автотрофтуу организмдердин, өзгөчө фотосинтездөөчүлөрдүн табиятта мааниси өтө чоң.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]