Автохтон

Википедия дан

Автохтон - (авто... жана грекче chthon жергиликтүү) 1) алгачкы пайда болгон жеринде басырылып калган материалдардан турган тоо тектер жана кендер. Терминди 1883-ж. К. В. фон Гюмбель көмүргө колдонгон (мисалы, өсүмдүктөр өскөн ордунда таш көмүргө айланышы). 2) автохтондуу структуралар (автохтон) тектоникалык бузулуулардан кийин өз ордунда калган бүктөлүү түзүлүштөрүнүн бир бөлүгү. Автохтондордун тескери мааниси аллохтон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1