Агажари кени

Википедия дан

Агажари кени - Ирандын түштүк-чыгышындагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуңунун чегинде жайгашкан. 1936-ж. ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км2. Алгачкы нефть запасы 1,9 млрд о газ 263 млрд м3. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереңдиги 1550-1250 м, жогорку бор акиташы 1700 мден жогору. Нефтинин тыгыздыгы 852 кг/м3, күкүрттүүлүгү 1,4% . Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна жана Абадан шаарындагы нефть ажыратуучу заводго чейин жеткирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1